Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тоскоол, каргаша, кедерги, кесепет. Балдардын тилегине жолтоо кылбайлы (Бейшеналиев). Аттиң арман-ай, уулуңуз жолтоо болбогондо, иш оңунан чыкмак экен да! (Жантөшев). Жолго жолтоо кылбаңыз! («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, иштин, аракеттин аткарылышына, максаттын жүзөгө ашырылышына карата болгон тоскоол, каргаша, кесепет. Балдардын тилегине жолтоо кылбайлы (Бейшеналиев). Жол ачылып турганда, Жолго жолтоо кылбаңыз («Эр Табылды»)