Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бирөөнү же бир нерсени жөнөтүү, бирөөнү бир жакка жумшоо. Алдыңа киши жиберип, Айттырам кабар мен сага («Эр Табылды»). «Жиберсем» деп ойлосом, Бой тарткан менде бала жок («Мендирман»).
  1. 2.           Коё берүү, жүргүзүү. [Шамбет].. арыктарга суу жиберип коёт (Сыдыкбеков). Дүйнөгө нуруң жиберип, Ойготкон сенсиң, Октябрь (Бөкөнбаев).
  2. 3.           Көмөкчү этиш катарында колдонулат. Мен кубанганымдан кыйкырып жибере жаздадым. Алып жибер. Ичип жибер.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. посылать, отправлять;
2. пропускать (давать разрешение);
3. в роли вспомогательного глагола соответствует ир- II (см.) и ий- V (см.);
ыйлап жиберди он заплакал;
кыйкырып жиберди он крикнул, выкрикнул;
ырдап жиберчи ну-ка, спой;
чайды тез-тез ууртап жиберип, сыртка чыккысы келет (ему) хочется наскоро выпить чаю и выйти;
көз жиберип бросив взгляд.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде Балаңды мага жиберип жибер деп айтууга болот. Мындай учурда жибер сөзү эки кайталанат. Анын бири – негизгиси, экинчиси жардамчы этиштик милдет аткарат. Мына ушул жибер сөзүнүн өзү ийип+ер деген эки этиштин биригишинен турат. Ий сөзү байыркы түркчө ид этишине туура келет. Ал этиштин өзү эле азыркы жибер этишинин маанисин берген (ДТС, 217). Ага чакчыл -ып мүчө жалганган түрү кыргызча ийип болуу керек эле. Бирок анын алгачкы и тыбышы түшүп, й тыбышы ж тыбышына өткөн. Ага ий этишинин ир түрүндө айтылган варианты жалганып, жибер сөзү келип чыккан. Ырдап ий, ырдап ир, ырдап жибер деген сөздөрдүн мааниси бирдей болушу да ушундан. Ир жана ий этиштери өз ара бир эле сөздүн варианттары болсо, жибер дегени ал экөөнүн биригишинен келип чыгып, мааниси боюнча кайра эле аларга бирдей болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү же бир нерсени бир жакка жөнөтүү, бирөөнү бир жакка жумшоо. Жиберсем деп ойлосом, Бой тарткан менде бала жок («Мендирман»). Алдына киши жиберип, Айттырам кабар мен сага («Эр Табылды»). Кат жиберип, кайталап, Жообун алдым бир гана (Токомбаев). Абдылда Ыйлаакты башка жылгага жиберди (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир нерсе аркылуу же бир нерсенин жардамы менен коё берүү, жүргүзүү. Шамбет арыктарга суу жиберип коёт (Сыдыкбеков). || Жайылтуу, таратуу, берүү. Дүйнөгө нуруң жиберип, Ойготкон сенсиң, Октябрь (Бөкөнбаев). Көп жашасын бизге таалай жиберген Улуу киши, анын баатыр элдери (Токомбаев). 3. Кыймыл-аракеттин, кубулуштун болушуна же тез аякташына карата көмөкчү этиш катарында колдонулат. Фабрикага жеткенде жамгыр төгүп жиберди (Сасыкбаев). Чоң эне шуу үшкүрүп жиберди(Сыдыкбеков). Мени уят кылбай ырдап жиберчи (Сыдыкбеков).