ЖИБЕР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кыргыз тилинде Балаңды мага жиберип жибер деп айтууга болот. Мындай учурда жибер сөзү эки кайталанат. Анын бири – негизгиси, экинчиси жардамчы этиштик милдет аткарат. Мына ушул жибер сөзүнүн өзү ийип+ер деген эки этиштин биригишинен турат. Ий сөзү байыркы түркчө ид этишине туура келет. Ал этиштин өзү эле азыркы жибер этишинин маанисин берген (ДТС, 217). Ага чакчыл -ып мүчө жалганган түрү кыргызча ийип болуу керек эле. Бирок анын алгачкы и тыбышы түшүп, й тыбышы ж тыбышына өткөн. Ага ий этишинин ир түрүндө айтылган варианты жалганып, жибер сөзү келип чыккан. Ырдап ий, ырдап ир, ырдап жибер деген сөздөрдүн мааниси бирдей болушу да ушундан. Ир жана ий этиштери өз ара бир эле сөздүн варианттары болсо, жибер дегени ал экөөнүн биригишинен келип чыгып, мааниси боюнча кайра эле аларга бирдей болуп калган.