жарым I половина; жарым саат полчаса; жарым тыйын полкопейки; жарым сом полтинник; бир жарым полтора; эки жарым два с половиной; түн жарым полночь; жарым эс полоумный, придурковатый; жарымы (иногда жармы) его половина, половина его; өткөрдүм жармын өмүрдүн провёл я полжизни; жармы жара, жармы соо, жарым жандуу баланы өлтүрүп берер убагың фольк. настало тебе время убить полуживого паренька, который наполовину изранен и наполовину здоров; ай жарым полтора месяца; жарым-жартылай серёдка на половинке, кое-как; бирди-жарым см.бир I 1; жалгыз-жарым см.жалгыз. жарым II спорость; рентабельность; жарымы жок неспорый, малорезультативный; жарымы жок бирдемелер всякая пустяковина, всякая нестоящая мелочь; жарымы жок көз слабый глаз; глаз, от которого толку мало.
зат.1. Жарты, экиге бөлгөн нерсенин бир бөлүгү, эки бөлүктүн бир бөлүгү. Пахтанын жарым бөлүгү машина менен жыйналды. Жазында булак сүтүм бар, Жарым айыл тойгондой (Осмонов). 2. Кем, аз. Жарым эс. Акылы жарым жан экен. ¨ Жарымжан — бир мүчөсү кем, араң жан, начар,
жарым (жарты) жарым автомат жарым арал жарым жан жарым-жарты жарым-жартылай жарым колония саясат жарым кылчык жүндүү (зоол.) жарым металлдар (физ.) жарым өткөргүчтөр (физ.) жарым өткөргүчтүү приборлор жарым падыша жарым тегерек жарым түн жарым тыйын жарым чөл зоналары жарым шар жарым эс
1. Бир нерсенин теңи, экиге бөлүнгөн нерсенин бир бөлүгү, бир бүтүндүн орто жери же жартысы. Сарыбайдын толгон мүлк, Тең жарымын жүктөдү («Эр Төштүк»). Узабастан жарым саат, Нөшөр төктү кардады (Токомбаев). Карышкыр тийди короого, Түн жарымы болгондо (Борбугулов). Колуна тиер менен жарымына түшүрө жутту (Сыдыкбеков). 2. Толук эмес, кем, аз, начар, кемчилдиги бар. Акылы жарым азамат, Алты сом тапса желигет (Осмонкул).
Жарыгандай, ыраазы болорлуктай, жарытылуу. Жарымдуу деле эч нерсе берген жок («Ала-Тоо»). Битин сыгып, канын жалаган сараң досунун колунан жарымдуу бир нерсе чыгаарына ишенген деле жок (Каимов).
Алты саны аман эмес, бир мүчөсү кем, майыбы бар, оорукчан. Жолмо-жол кар кечкен сулуу катуу ооруга чалдыгып, жарым жан болуп калган (Көчкөнов). Биз болсок жарым жан кишилерге баш-көз болуп ушул жерде калалы (Укаев). Жарым жан бечаранын колунан канча келер дейсиң?
Алты саны аман эмес, бир мүчөсү кем, майыбы бар, оорукчан. Жолмо-жол кар кечкен сулуу катуу ооруга чалдыгып, жарып жан болуп калган (Көчкөнов). Биз болсок жарып жан кишилерге баш-коз болупушул жерде калалы (Укаев).
Бүт бойдон эмес, жартылап, толук бойдон эмес, чала-була. Чанагында буланын жарым-жартылайы калып убара кылат (Байтемиров). Жарым-жартылай каражат камдап коюптур («Чалкан»).
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮК – 14төн 18 жашка чейинки жашы жетелектердин жана 6дан 14 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдүн жөндөмдүүлүктөрү (кара:Жарандын аракетке жарамдуулугу).
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ КОНВЕРТИРЛЕНГЕНДИК (ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ӨЗ БААСЫНА КЕЛҮҮ) – валютанын ортолук режимде айлануусу. Жарым-жартылай өз баасына келүү бул валютанын белгилүү гана кармоочуларына таратылат жана айрым аткарымдар аймактык мүнөзгө ээ болушу мүмкүн, б. а. өлкөлөрдүн белгилүү чөйрөсү, жекече алганда валюталык аймактын алкагы менен чектелет.
Частично конвертируемые валюты (Partly convertible currency) —Валюты стран, в которых применяются ограничения на операции по обмену их валюты на другие валюты.
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ӨТҮМДҮҮ ВАЛЮТА – резиденттер үчүн жана алмашуу аткарымдарынын айрым түрлөрү боюнча валюталык чектөөлөр колдонулуучу өлкөлөрдүн улуттук валютасы; эреже катары, ал айрым чет өлкөлүк валюталарга гана алмаштырылат жана эларалык төлөм жүгүртүүсүнүн кээбир түрлөрүндө колдонулат.