Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин теңи, экиге бөлүнгөн нерсенин бир бөлүгү, бир бүтүндүн орто жери же жартысы. Сарыбайдын толгон мүлк, Тең жарымын жүктөдү («Эр Төштүк»). Узабастан жарым саат, Нөшөр төктү кардады (Токомбаев). Карышкыр тийди короого, Түн жарымы болгондо (Борбугулов). Колуна тиер менен жарымына түшүрө жутту (Сыдыкбеков). 2. Толук эмес, кем, аз, начар, кемчилдиги бар. Акылы жарым азамат, Алты сом тапса желигет (Осмонкул).