1. воротник; ата баласы - тон жакасы погов. сын у отца, что воротник у шубы; кайырма жака отложной воротник; тик жака стоячий воротник; ак жака 1) белый (крахмальный) воротничок; 2) ирон. интеллигент; жакадан ал- 1) взять за шиворот; 2) перен. взять, схватить за глотку; алка-жака передняя часть воротника; алка-жакадан ал- перен. хватать за грудки; жака-башын оңдогулап, тамагын жасап (оратор) одёрнув воротник, пригладив волосы и откашлявшись; 2. (в некоторых местах) одежда; жака камда- готовить одежду; 3. край, берег; суу жакасында на берегу реки; чет-жака окраины, окрестности, соседние места; чет-жакадан из соседних мест, не из этих мест, со стороны; чет-жакадан жеткирилген доставленный из другого места, со стороны (не местный); 4. предгорье; эл жайлоодон жакага түшүп, күздүк, кыштык оокатына камынып жатат народ с летовки (с горных пастбищ) спустился в предгорья и готовится к осени и зиме; 5. тяньш. стр. мауэрлат; жака карма- или жака карман- изумиться, удивиться (букв. схватиться за свой воротник); чын эле жакаңды кармана турган жорук да и в самом деле, странное явление; эки колу жакасында (букв. две руки его на своём воротнике) 1) он удивлён, поражён, подавлен; 2) он только и знает, что с ним скандалит, только и знает, что с ним враждует; жан уяда, жака колдо болсо если будем живы-здоровы (букв. если душа будет в гнезде, а воротник - в руке).
зат.1. Кийимдин адамдын моюну туура келген жерине ылайыкталып тигилген бөлүгү. Тик жака. Кайырма жака түлкү ичик Желбегей салып жамынып («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Жээк, чет жака, бир нерсенин бою.Кол жакасы. Жаркырап аккан чоң суусу Жакасы салкын көлөкө (Үсөнбаев).
3. Тоо этеги, тоо алды.Эл жайлоодон жакага түштү. Баасы кымбат, баркы
өйдө, Жакасына пахта айдап (Үсөнбаев). ¨ Жакасынкармануу — таң калуу; үрөйү учуу; коркуу.
1. Кийимдин адамдын моюну туура келген жерине ылайыкталып тигилген бөлүгү. Кайырма жака. Тик жака. Көйнөгүнүн жакасы жалжайып, каректери балбылдайт (Айтматов). 2. Суу, көл ж. б. жээги, чети, бою. Жаркырап аккан чоң суусу, Жакасы салкын көлөкө (Үсөнбаев). 3. Тоо этеги, тоо алды. Акбар бирде жайытта малда болсо, бирде жакада дыйканчылыкка барат (Убукеев). Тоолоруң ай, жакаң ай, Жайкалган жашыл жериң ай (Осмонов). Жакадан бозой келет деп, Жаталбай уйкуң качкандыр (Сарногоев).
Кандайдыр бир нерсенин чет жагы, тегерек-чети, чет-жакасы. Айылдын жака-белинде эч адам көрүнбөдү (Жантөшев). Жака-бели ызы-чуу, Айланып учуп өрдөк, куу (Бөкөнбаев).
этиш.1. Жакадан алып булкуу, силкүү, урушуп калуу.Жаман менен. дос болсоң, Жарым тыйын доолашып, Жабыркатат жакалап (Осмонкул). Жигиттери жабылып, Жакалады уулумду («Таалай жомогу»).
2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө. От жакалай отурду. Байыртан Талас суусу жактан агып, Жакалап көчмөн кыргыз малын багып (Шүкүрбеков). Көл ж.акалап Орус келди, Орусту ээрчип ырыс келди (Убукеев).
1. хватать за воротник; киши жакала- хватать человека за воротник; 2. двигаться по краю, по берегу; суу жакала- идти берегом; жол жакала- идти обочиной дороги; от жакалай вокруг огня.
1. Жакадан алуу, урушуу, туткактоо, чырдашуу максатында жакадан кармоо. Мен да балага жакалап жооп бердим (Элебаев). Жаман менен дос болсоң, Жарым тыйын доолашып, Жабыркатат жакалап (Осмонкул). 2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө, бир нерсенин чети менен кыркалап өтүү, бойлоо. Кашкардын кара тоосун жакалап, Эрикпей Төштүк жол жүрүп («Эр Төштүк»). Сай жакалай сагызган Салпактады эңиштеп (Бөкөнбаев). От жакалай отура кетти да, бир тизесин тонунун өңүрүнө катты (Абдумомунов).
жакалаш I чет-жакалаш близлежащий, соседний; чет-жакалаш айыл соседний аул. жакалаш- II (о пеших мужчинах; ср. чачташ-) драться, трясти друг друга за воротник.
Жакасы бар, жака салынган. Тик жакалуу боз кемселинин этектери делдек-делдек этет (Байтемиров). Саңсаң жакалуу ичигинин белин Бары кайыш кур менен бүйрө курчанган (Жантөшев).
Бучкактап коё бербөө, асылып алуу. Жакасына жармашып жүрүп, эптеп аны колго тийгизди («Кыргызстан маданияты»). Жакасына жармашып, этегине эрмешип жүрүп, этпеп макулдаттым («Кыргызстан маданияты»).
Бучкактап кое бербөө, асылып алуу. Жакасына жармашып жүрүп, эптеп аны колго тийгизди («Кыргызстан маданияты»). Жакасына жармашып, этегине эрмешип жүрүп, эптеп макулдаттым («Кыргызстан маданияты»).
1. Таң калуу, жакасын кармануу, айран-таң болгондук. Калктын баары таң калды, Жакаларын карманды (Токтогул). Эне сүтү оозунда деген береги баланын кылган иштерине жака карманышты (Акматов). «Ойтобо», дешти аны көргөндөр жакасын карманып, «ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен...» («Кыргызстан аялдары»). Мунум сыртка чыкпай, ичимден айтылганын кийин билип, жакамы карманып, өзүмө бир ыраазы болдум (Казакбаев). 2. Корккондо, укмуштуу окуяны укканда, апкаарып, шаштысы кеткенде ж. б. жакасын кармап кудайга жалынуу, тобо кылуу. Чын эле жаканы кармана турган жорук. Ачарчылык аз келгенсип, кызылча, келте каптады, – деп жакасын карманып, мөгдүрөп турушту (Бердикеев). Кудай өзүң колдой көр, алааматтан сактай көр, – деп кемпир калтаарып, жакасын карманды (Жантөшев).
1. Бир нерсеге аябай таң калуу, айраң-таң болуу, акылы айран болуу. Эне сүтү оозунда деген береги баланын... кылган иштеринежака карманышты (Акматов). «Ой тобо», дешти аны көргөндөр жакасын карманып, «ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен...» («Кыргызстан аялдары»). Мунум сыртка чыкпай, ичимден айтылганын кийин билип, жакамы карманып, өзүмө бир ыраазы болдум (Казакбаев). 2. Бир нерседен кооптонуп үрөйү учуу, коркуу. Ачарчылык аз келгенсип, кызылча, келте каптады, - деп жакасын карманып, мөгдүрөп турушту (Бердикеев). Кудай өзүң колдой көр, алааматтан сактай көр, -деп кемпир калтаарып, жакасын карманды (Жантөшев).