этиш. 1. Чайпалуу, теңселүү, ыргалуу; кубулуу, кулпуруу; чоң, узун келип, жайылып туруу (мис., сакал). Жайкала басат. Жайкалып жашыл шибер миң кубулуп, Чачырайт ак байчечек төрдүн гүлү (Үмөталиев). Сакалы жайкалган карыя.
2. Жарашып, келишип туруу. Көйнөгү жайкалып турат. Жакшы айгырдын үйрү өсүп, Жал-куйругу жайкалган (Осмонкул).
возвр.-страд. от жайка-;
1. раскачиваться из стороны в сторону;
жайкала басат он ходит важно, плавно покачиваясь;
сакалың жайкалган у тебя борода лопатой; твоя борода важно расправлена; твоя борода придаёт тебе важный вид;
чөбү жайкалган жер место, покрытое густой и сочной травой;
кызыл ат жүрөт жайкалып, өзөндүн тегиз сазында фольк. по ровному прибрежному болоту величаво расхаживает сивый конь;
2. быть впору и к лицу;
көйнөгу жайкалган на ней платье впору и к лицу.
Ары-бери ыргалган жагымдуу көрүнүш. Ой-тоо толгон түркүн гүл, Желге ыргалып жайкалган (Барпы). Бул жер болсо мына чөбү чабылып, айдаган сулулар жайкалып калды (Байтемиров). Телтору атты берсеңиз, Жоого минсин жайкалып («Курманбек»). Жайкала басып айылдын келиндери айттап жүрүшөт (Каимов).
жайкал этишинин аркылуу мамилеси.
жайкал этишинин аркылуу мамилеси. Керим аке ак сакалын жайкалтып, Ээрчип алган техник Суван баланы (Маликов).
жайкал этишинин кыймыл атоочу.
жайкал этишинин кыймыл атоочу.