1. (о всаднице) охлябью (верхом без седла); жайдак мин- или жайдак атка мин- садиться верхом на лошадь охлябью (без седла и без всякой подкладки); өзүңдү, жайдак атка мингизип барып, күң кылам фольк. я тебя посажу на лошадь охлябью и сделаю рабынёй; жайдак күлүк южн. конь, пускаемый на скачках без седока; "соорусу жайдак болот" деп, үстунө жолборстон кээжим жаптырган фольк. чтобы круп (коня) не был обнажён, он заставил покрыть его тигровой попоной; 2. (о доме) пустой (без обстановки и необитаемый); эшиги жок жайдак тамда жаткамын я жил в пустом доме, не имеющем дверей; 3. без верхней одежды; голый; жайдак туруп барып, эшикти ачтым я встал и, не одеваясь, открыл дверь; жайдак төш открытая грудь; с открытой грудью; 4. голое место; открытая местность; келин, кыз жүнүн учурса, шамалдын көрку жайдакта фольк. прелесть ветра на открытом месте в том, что он уносит шерсть у молодух и девиц (когда они её треплют, она летит, ни за что не цепляясь); 5. южн. (о женщине) без тюрбана; жалаң аттуу, жайдак тон см.жалаң.
сын.1. Ээр-токумсуз, ээр токулбаган.Сопол куйрук жээрде кашканы жайдак минген бирөө,.. чоң көк атты кууп баратат (Жантөшев). 2. Ичинде эч нерсеси жок, адам жашабаган ээн (үй); эл жашабаган, эч нерсе эгилбеген, ээн (талаа). Эшиги жок жайдак тамда жатканмын. Жапайы турмуш, жайдак жерди Жашаңдатып гүл экти (Бөкөнбаев).
¨ Жайдактөш — ачык-айрым, көңүлүндө кири жок, даалдаган.
Азыркы кыргыз тилинде жайдак сөзү сын атооч же тактооч сыяктуу касиетке ээ болуп, баяндооч менен да, атооч сөздөр менен да айкалышып айтыла берет. Мисалы: жайдак мин, жайдак чап, жайдак ат, жайдак жер.
Бул сөз байыркы түрк жазууларында йадаг, йада-гун, йадаглыг түрүндө айтылып, «жөө» маанисии берген. Болжолу, жайдак сөзү алгачкы йалаң адакун, йалан адаглыг деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан.
Эң алгач йалаң адаклык же адагун мин деген учурда айтылып, атка токум токубай, буту менен мингенди гана туюнткан. Кийин ал тизмек кыскарып, йадак// йайдак түрүнө келгенде, адепки сөзмө-сөз мааниси унутулуп, жайдак сөзү жайдак ат, жайдак жер, жайдак төш сыяктуу учурларда да колдоно турган боло баштап сөздүн алгачкы маанисин жана морфемалык курамын ажыратуу кыйындап кеткен.
1. Ээр-токумсуз, ээр токулбаган, алдына эч нерсе салынбаган. Тору жоргону жайдак жетелеп бирөө чыкты (Абдукаримов). Жекен кээде жайдак тайга минип алып, чаап кетет (Каимов). 2. өт. Эч нерсеси жок, ээн, бош, ачык. Үйдүн жанында, жайдак короодогу уйлар эбак жуушап калган (Элебаев). Өтмөктүн бели анчалык чоң эмес, үстүнө чыкканда жайдак адыр сыяктуу (Байтемиров). Кырчын кез жалгыз сырап өтмөк экен, Кыргыздын жайдак чабар сары атындай (Садырбаев).
облегчить, сняв лишние покровы, груз и т.п.; ат жайдакта- расседлать лошадь (сняв с неё седло и потник); ат жайдактап алышып, аттарын сууга салышып фольк. расседлав лошадей и искупав их.
1. Ачык-айрым, даалдаган ак көңүл, ичинде эч нерсеси жок. Ал ошондой жайдак төш. 2. Эч нерсеси жок, абдан жупу-ну, жайсыз. Бой тумары жок барса, шордуу жакыр кызын жайдак төш узатыптыр дешет (Сыдыкбеков).
1. Ачык-айрым, даалдаган ак көңүл, ичинде эч нерсеси жок. Ал ошондой жайдак төш. 2. Эч нерсеси жок, абдан жупуну, жайсыз. Бой тумары жок барса, шордуу жакыр кызын жайдак төш узатыптыр дешет (Сыдыкбеков). Жалаң от, жайдак төш койчулар Оргочордон орун ала баштады («Ала-Тоо»).