Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. пища, еда;
даам же- или даам ич- поесть, покушать;
олтуруп, даам жеп кетсең боло ты бы посидел да поел;
даам ооз тийип кет отведай пищи, закуси немного;
мени даам айдап келди я пришёл сюда потому, что мне как будто суждено было здесь поесть;
даам татпай или даам сызбай ничего не кушая;
ар даамдын башы разносолы;
ар даамдын башын жедик мы полакомились разной разностью;
2. вкус;
даамы жок невкусный;
даамы жаман скверный на вкус;
таттуу ооздун даамын кетирбе не порть хорошего впечатления; не выискивай мелких изъянов в том, что прекрасно (букв. не уничтожай сладости рта).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ар кандай заттардын дүүлүктүрүүчү таасиринен улам тил аркылуу сезилген татым. Ачуу даам. Таттуу даам. Тамактын даамын киргизген, Татыта турган туз болот (Осмонкул).
2. Тамак. Карабек ферма башчысын үйдөн даам ооз тийүүгө чакырды (Каимов). Ар даамды бүт берди, Кишмиш чайкап сүт берди («Манас»). Мени даам айдап келди.
  1. 3.           өт. Маани, татыктуулук. Сөздөрүңдүн даамы жок, Күүлөрүңдө маани жок («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени жегенде, ичкенде, татканда тил аркылуу сезилген татыгы, татым. Тамактын даамын киргизген, Татыта турган туз болот (Осмонкул). Алмаңдан бирди ыргытчы, Даамын татып көрөйүн (Маликов). 2. Тамак, оокат. Эрке кыз дасторкондогу даамдарды аялдардын астыларына ыйгара берди (Байтемиров). 3. өт. Маани, маңыз, мазмун, мазе, кызыктуулук. Сөздөрүңүн даамы жок, Күүлөрүңдө маани жок.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Даамы жакшы, ширелүү, таттуу. Жакшы санаалаш адамдарың менен жеген тамак даамдуу болот (Абдумомунов).
2. өт. Маанилүү, мазелүү. Мени аяп, бекер кайгы жебегин, Супсак ырды даамдуу ыр дебегин (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Даамы жакшы, ширелүү, таттуу. Ашканабыздын кызматкерлери бизди даамдуу бышырылган тамактар менен камсыз кылып турат («Кыргызстан аялдары»). Жакшы санаалаш адамдарың менен жеген тамак даамдуу болот (Абдумомунов). 2. өт. Маанилүү, таасирлүү, кызыктуу, маңыздуу, мазмундуу, мазелүү. Мени аяп бекер кайгы жебегин, Супсак ырды даамдуу ыр дебегин (Осмонкул). Ырынан такалбай даамдуу сөздөрдү куюлуштуруп айдата берди (Каимов).