вкусный; имеющий вкус чего-л., с привкусом;
кермек даамдуу с привкусом полыни, горький;
даамдуу сөз перен. приятное слово;
кермек даамдуу кеп перен. горькое, обидное слово.
сын. 1. Даамы жакшы, ширелүү, таттуу. Жакшы санаалаш адамдарың менен жеген тамак даамдуу болот (Абдумомунов).
2. өт. Маанилүү, мазелүү. Мени аяп, бекер кайгы жебегин, Супсак ырды даамдуу ыр дебегин (Осмонов).
1. Даамы жакшы, ширелүү, таттуу. Ашканабыздын кызматкерлери бизди даамдуу бышырылган тамактар менен камсыз кылып турат («Кыргызстан аялдары»). Жакшы санаалаш адамдарың менен жеген тамак даамдуу болот (Абдумомунов). 2. өт. Маанилүү, таасирлүү, кызыктуу, маңыздуу, мазмундуу, мазелүү. Мени аяп бекер кайгы жебегин, Супсак ырды даамдуу ыр дебегин (Осмонкул). Ырынан такалбай даамдуу сөздөрдү куюлуштуруп айдата берди (Каимов).
этиш. Даамын келтирүү, даамын жакшылоо. Даамдуулап тамак берди.
Даамдуу, ширелүү жасоо, даамына келтирүү. Даамдуулап тамак берди. Тамагын даамдуулап жасады.
зат. Даамы жакшы болгондук, ширелүүлүк, татымдуулук.
Даамы жагымдуулук, ширелүүлүк, татымдуулук. Айрандын даамдуулугунанбы, Ызакул шыпкап ичти (Бейшеналиев).