ДААМ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсени жегенде, ичкенде, татканда тил аркылуу сезилген татыгы, татым. Тамактын даамын киргизген, Татыта турган туз болот (Осмонкул). Алмаңдан бирди ыргытчы, Даамын татып көрөйүн (Маликов). 2. Тамак, оокат. Эрке кыз дасторкондогу даамдарды аялдардын астыларына ыйгара берди (Байтемиров). 3. өт. Маани, маңыз, мазмун, мазе, кызыктуулук. Сөздөрүңүн даамы жок, Күүлөрүңдө маани жок.