этиш. 1. Тамакты кайнатып, кууруп же отко кактап бышкан абалга жеткирүү, даярдоо. Жыйналып чала уйкулуу кемпир-чалдар, Чай коюп, нан бышырып, бүлүнүштү (Осмонов).
2. От же башка ысык илеп, тап аркылуу атайын жолдор менен даярдап чыгаруу, өндүрүү. Бири — жазгыч, бири — кирпич бышырат, Бири — монтёр, Ильич шамын тамызат (Аалы).
бышыр- I
понуд. от быш- II
доводить до готовности (варить, жарить и т.п.);
токоч бышыр- печь хлеб (на жаре);
ат бышыр- варить, жарить мясо;
кыш бышыр- обжигать кирпич;
сабак бышыр- готовить урок;
корулдатып чылымды бышыра баштаган он начал вовсю тянуть кальян так, что раздавалось клокотанье.
бышыр- II
только в сочет. с ич (см. ич I).
Бышкан абалга жеткирүү. Чийки эт койбой салгыла Бүт бышырып алгыла («Эр Табылды»). Отту үйлөп жанды азапка салбайбыз Плиткага бышырабыз тамакты.
бышыр этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от бышыр- I
заставить довести до готовности (зажарить, сварить и т. л.);
боорсок бышыртып алды он приказал нажарить для себя баурсаков;
тамак бышыртып жаткан жерге келген он прибыл туда, где готовилась пища.
бышыруу I
и. д. от бышыр- I
доведение до готовности (пищи).
бышыруу II
и. д. от бышыр- II.
бышыр этишинин кыймыл атоочу.
варитьготовить (еду)стряпать (готовить еду)
бышыруучу I
варящий, жарящий.
бышыруучу II
ич бышыруучу докучный, нагоняющий тоску.
Аякта эмнең бар, сага тиешеси жок, ал жакка барба же келбе деген мааниде колдонулат. Бул жерде бышырып коюптурбу? Бүтүр сугатынды (Осмоналиев). - Силерге аякта бышырып коюптурбу? - деп ачууланды аял (Жусупов).
бышыр этишинин кош мамилеси.