бышыр
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Тамакты кайнатып, кууруп же отко кактап бышкан абалга жеткирүү, даярдоо. Жыйналып чала уйкулуу кемпир-чалдар, Чай коюп, нан бышырып, бүлүнүштү (Осмонов).
2. От же башка ысык илеп, тап аркылуу атайын жолдор менен даярдап чыгаруу, өндүрүү. Бири — жазгыч, бири — кирпич бышырат, Бири — монтёр, Ильич шамын тамызат (Аалы).