ар.
соловей;
булбул чечме южн. один из видов узора для вышивки;
күкүк-булбул см. кукүк I.
зат. 1. Кубултуп сайраган боз түстөгү кичинекей келгин куш. Бүркүт жүнү менен, булбул үнү менен (макал). Бактарыңда булбул сайрайт (Сыдыкбеков).
2. өт. Үнү сонун обончу, мыкты ырчы. Боз булбул Токоң сүйлөсүн, Боздогон жалгыз тил эмес, Борумдуу добуш үндөсүн (Токтогул).
1. үнүн кубултуп, таңшып сайроочу боз түстөгү кичинекей канаттуу. Буралган кырчын бактарга, Булбулдар сайрап конгон кез (Бөкөнбаев). Булбулу таңдан таңшыган, Бүркүтү көктөн шаңшыган (Бөкөнбаев). Бүркүт жүнү менен, булбул үнү менен (макал). 2. өт. Обону өтө жагымдуу ырчы, төкмө акын. Кыйноодо жүрүп картайды Кыргыздын сендей булбулу (Бөкөнбаев). 3. Бугунун мүйүзүнөн алынуучу суюктуктан жасалган дарынын аталышы. Мүйүзүнүн бар экен – Булбул деген дары экен («Манас» С. О.).
ар.- ир.
(о человеке) речистый соловей;
эл эрмеги булбулкөй, эргип учтуң чынардан фольк. (об акыне) отрада народа, речистый соловей, ты возбуждённо полетел с чинары.
Таңшыган булбул, мыкты обончу, акын. Эшендин кесир зарпынан Эл эрмеги булбулкөй Эргип учтуң чынардан (Токтогул).