БУЛБУЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. үнүн кубултуп, таңшып сайроочу боз түстөгү кичинекей канаттуу. Буралган кырчын бактарга, Булбулдар сайрап конгон кез (Бөкөнбаев). Булбулу таңдан таңшыган, Бүркүтү көктөн шаңшыган (Бөкөнбаев). Бүркүт жүнү менен, булбул үнү менен (макал). 2. өт. Обону өтө жагымдуу ырчы, төкмө акын. Кыйноодо жүрүп картайды Кыргыздын сендей булбулу (Бөкөнбаев). 3. Бугунун мүйүзүнөн алынуучу суюктуктан жасалган дарынын аталышы. Мүйүзүнүн бар экен – Булбул деген дары экен («Манас» С. О.).