Киргизско-русский словарь Юдахина
бийле- I
танцевать, плясать.
бийле- II
управлять, владеть, повелевать;
жаман үйдүн коногу бийлейт погов. в плохом доме гость распоряжается;
аны бир ой бийлеп кетти им овладела одна мысль (ещё прим. см. бийлет- II).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бийлик жүргүзүү, башкарып, үстөмдүк кылуу. Илгери айылда атка минген шылуундар бийлеп келишкен (Сыдыкбеков). Болушум, элди бийлейсиң, Эл оокатын билбейсиң, Адилдикти ырдасам, Жактырбастан тилдейсиң (Токтогул). // Басымдуулук кылуу, ээлөө. Жайкы саратандын чырылдаган үнү гана түндү бийлеп турат (Абдукаримов). Жер алай-дүлөй түшүп, кардуу бороон дүйнөнү бийлеп турган (Элебаев). 2. Таасирин тийгизип, өзүнө баш ийдирүү, туткунуна алуу. Менин жүрөгүмдү болочоктун дагы бактылуу элестери бийлеп алчудай (Жантөшев). Арзыматка бир кат жазуу менин бүт турпатымды бийледи (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бийди аткаруу, бийге катышуу. Кыягын бурчка таштап бийлеп кирди (Үмөталиев). || өтө элпек, жеңил кыймылда болуу, тыбырчылап туруу. Жер баспай бийлейт токтосо, Жейрендей тыңшайт оттосо (Токомбаев). || өт. Бөйпөлөңдөө. Көрүнүп турат, мындан кийин сенин алдыңда тим эле бийлейт (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бийлет- I
понуд. от бийле- I
заставить танцевать.
бийлет- II
понуд. от бийле- II;
мен өзүмдүн адабий кейипкерлеримди бийлебестен (см. бийле- II), аларга бийлетип жибериптирмин не я управлял своими литературными героями, а они управляли мной.