Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бийлик жүргүзүү, башкарып, үстөмдүк кылуу. Илгери айылда атка минген шылуундар бийлеп келишкен (Сыдыкбеков). Болушум, элди бийлейсиң, Эл оокатын билбейсиң, Адилдикти ырдасам, Жактырбастан тилдейсиң (Токтогул). // Басымдуулук кылуу, ээлөө. Жайкы саратандын чырылдаган үнү гана түндү бийлеп турат (Абдукаримов). Жер алай-дүлөй түшүп, кардуу бороон дүйнөнү бийлеп турган (Элебаев). 2. Таасирин тийгизип, өзүнө баш ийдирүү, туткунуна алуу. Менин жүрөгүмдү болочоктун дагы бактылуу элестери бийлеп алчудай (Жантөшев). Арзыматка бир кат жазуу менин бүт турпатымды бийледи (Жантөшев).