Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бийди аткаруу, бийге катышуу. Кыягын бурчка таштап бийлеп кирди (Үмөталиев). || өтө элпек, жеңил кыймылда болуу, тыбырчылап туруу. Жер баспай бийлейт токтосо, Жейрендей тыңшайт оттосо (Токомбаев). || өт. Бөйпөлөңдөө. Көрүнүп турат, мындан кийин сенин алдыңда тим эле бийлейт (Байтемиров).