баштык I 1. начальник, руководитель; возглавляющий; бригада баштыгы руководитель бригады, бригадир; 2. главарь, предводитель; ээн баштык см.ээн. баштык II сумка, мешочек, торба; ат баштык мешочек из кожи конской головы; жем баштык торба (кормушка в виде мешочка, в который засыпают зерно и навешивают на голову лошади); чай баштык мешочек, в котором хранится чай; баштык-үштүк всякого рода мешочки и торбы; баштык-үштүк, куржунду эшекке жаба салынды фольк. все свои мешочки и перемётную суму он плотно уложил на своего осла; күйөө баштык сев., этн. угощение (обычно мясо жирной овцы и спиртные напитки), которое сваты доставляют в дом родителей девушки перед сватовством (явление последних лет); көз баштык (в сказке) мешок из роговицы глаза (волшебное свойство его заключается в том, что его якобы нельзя наполнить); жомокто айтылган көз баштык кандай болсо, биздин чанач нак ошондой ваш бурдюк такой же вместительный, как сказочный көз баштык.
Iзат. Бир нерсе салына турган кичинекей капчык. Баштык жебейт, баш жейт (макал). Шатен.. саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Аалы).
♦ Атбаштык — аттын баш терисинен жасалган баштык. Жембаштык — атка жем илүү, жем берүү үчүн колдонулган баштык. Тообай Акбакайга жем баштыкты илип, жылкыларды аралай бастырды (Абдумомунов).
БАШТЫКII зат. сүйл. Башкаруучу, жетекчи, башчы.
«Кара малдын баш терисин алып, ооз жагын тегеректеп кесип, алкым жагын түптөп, катырып коюшунан жасалган идиш кыргыз тилинде баштык аталган. Ушундай баштыктарды эл 1940-жылдардын аягына чейин урунуп келди.
Баштык сөзү баш деген сөзгө –лык мүчөсү жалгануу аркылуу жасалган. Алгач «баш териден жасалган идиш» деген мааниде түшүнүлгөн. Кийин андай идиш таардан, кездемеден, кийизден, башка эле териден жасала баштаса деле, эски аты аларга карата колдонула бергендиктен, азыркы кезде баштык сөзүнүн баш сөзүнөн жасалары оӊой байкалбай турган болуп калган». (Сейдакматов 1988:48-49).
Азыркы кыргыз тилиндеги «баш териси бузук», «баш терисинен көрүнүү», «баш териси оӊ», «баш териси тырышуу», «баш терисин байкоо» деген фразеологизмдердин келип чыгышы да жогорудагы баштык сөзү менен байланыштуу болушу мүмкүн.
«Манаптан баштык тиктирип, Жем илейин дечү элем, Мамыркандын ашына, Бир минейин дечү элем» (Тоголок Молдо). Бул кийизден, таардан, териден, кездемеден жасалып, түрдүү нерселерди салуучу жана жанда алып жүрүүчү чакан буюм, идиш. Ага ар кандай кийиз оюмдары, сайма, терме, чырмак көчөттөрү да түшөт. «Кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» дейт. Аларга: туз баштык, самын баштык, чай баштык, жем баштык, нан баштык, аш (тамак) баштык өңдүүлөр кирет. Азыр баштыктар өз формасын жана колдонмолук маанисин өзгөртүп, жалаң жанда алып жүрүүгө шартташууда.
Кара малдын баш терисин сыйрып алып, ооз жагын тегеректеп кесип, алкым жагын түптөп, катырып коюшунан жасалган идиш кыргыз тилинде баштык аталган. Ушундай баштыктарды эл 1940-жылдардын аягына чейии урунуп келди. Баштык сөзү баш деген сөзгө -лык мүчөсү жалгануу аркылуу жасалган. Алгач ал «баш териден жасалган идиш» деген мааниде түшүнүлгөн. Кийин андай идиш таардан, кездемеден, кийизден, башка эле териден жасала баштаса деле, эски аты аларга карата колдонула бергендиктен, азыркы кезде баштык сөзүнүн баш сөзүнөн жасалары оңой байкалбай турган болуп калган.
Ун-талкан, азык-түлүк жана башка ар түрдүү нерселерди салып коюу же ала жүрүү үчүн ылайыкталып жасалган буюм. Шатен саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Токомбаев). Баштыктардын оозун чечип, тамактарын ортого салды (Байтемиров).