1. Бирге болуу, чогулуу, биригүү, бир тилектеш, мамилелеш болуу. Улуу-кичүү дебей баарыбыз баш кошуп, аракет кылсак, колдон келбей турган эч нерсе жок, жолдоштор! («Ленинчил жаш»). Баатырлар баш кошуп, сап-сап болуп жөнөштү («Семетей»). Кээде аталары баш кошуп, минтип баарлашып отуруп чер жазчу (Кыдырмышев). 2. Үйлөнүү, турмуш куруу. Экөөнүн көңүлү жакын болуп, кат жазышса, баш кошкону жүргөндүр (Абдукаимов). Менин жүрөгүм таза эле. Жапаш менен баш кошуп, бирге өмүр сүрүп, эл үчүн эмгек сиңирсем дечү элем (Жантөшев).
1. Бирге болуу, чогулуу, биригүү, бирдикте болуу, биргелешүү. Баатырлары баш кошуп, Сап-сап болуп жөнөштү («Семетей»). Баш кошуп жаңы турмуш куруп жатат. Эзилген ал күндөгү өңкөй шордуу (Турусбеков); 2. үйлөнүү, турмуш куруу. Күлайым – менин байбичем, Бармактайда баш кошкон («Эр Төштүк»). Баш кошуптур жаңыдан Эки бирдей чырагым (Жантөшев).