1. аркан (шерстяной, волосяной); кыл аркан волосяной аркан; аркан тарттырмай или аркан тартыш перетягивание верёвки (вид спорта); аркан суйрөш- или аркан тарт- состязаться в перетягивании аркана; балбандар оодарышат, күрөшөт, аркан сүйрөшөт силачи состязаются в стаскивании друг друга с коней, борются, перетягивают аркан; 2. разг.фольк. аркан (мера длины, равная 4-5 метрам); эки аркан бойлобойт больше двух арканов (напр. глубиной); алты аркан бою длина, расстояние или глубина, равные шести арканам; күн батууга аркан бою калды солнце клонится к закату; аркан-жипсиз байлан- оказаться связанным по рукам и по ногам.
Бул сөз «өр-, эш-» деген маанидеги арка- этишине кыймыл-аракеттин натыйжасын билдирүүчү –н мүчөсүнүн жалганышы менен пайда болгон: арка+н > аркан (ЭСТЯ 1974:175). «Өрүлгөн, эшилген» деген маанини туюндурат. Бул сөз орус тилине да төмөнкүдөй мааниде өткөн: аркан верёвка с петлёй на конце, сделанная для бросания вокруг цели и стягивания её при натяжении верёвки ◆ Жеребчик заметался, и тут-то ему накинули аркан на шею. (A. Н. Толстой, «Детство Никиты»).
«Кыл аркандын селкинчек, кыздар ойнойт эркиндеп» (Эл ыры). Жылкынын жал-куйругунан, эчки-топоздун кылтагынан эшмечилик өнөрү менен бүткөрүлгөн жүк жүктөөчү, кайтарылган малга тагылуучу жоон жип. Анын узуну 12 кулачка жетет. Аны эшүү чылбырды, бел кырчоону, желени эшүү менен окшошот. Даана кыл аркан жылкынын куйрук-жалынан болот да, ал урунууга өтө бышык келет.
Үч же беш жипти катуу чыйратып, бириктирип толгоо аркылуу жасалган узун жана жоон жип аркан аталат. Бул сөз арка+н деген бөлүктөрдөн турат. Арка деген уңгусу аркак деген сөздү жасоого катышкан, азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбаган менен, тува тилинде сакталып калган аргы «1) току, өр; 2) сок, эш» деген сөзгө туура келет. Этиштин зат атооч жасоочу -н мүчөсү жалгануудан аркан сөзү келип чыккан. Ал «өрүлгөн, чыйратылган жип» дегенге барабар маани берген.
Болжол менен он метрчелик узундук өлчөмү (аркандын узундугундай өлчөм). Кырк аркан бою чоң зындан. («Манас» С. К.). Күн тиги кырдан аркан бою көтөрүлө бергенде булар көпүрөнү бүтүштү (Жантөшев). Ай батарына аркан бою калганча, арча түбүнө отура беришти (Жусупов).
Бир аз гана, саал, анча-мынча (көбүнчө өлчөмгө карата). Күн тиги кырдан аркан бою көтөрүлө бергенде булар көпүрөнү бүтүштү (Жантөшев). Ай батарына аркан бою калганча, арча түбүнө отура беришти (Жусупов).
этиш. Алыс кетип калбас үчүн малды аркандын бир учу менен байлап отко коюу, аркан менен байлап коюу. [Көсөл].. күрөң бээни огороддун четине алып барып аркандады (Каимов).
Алыс кете албай, бирок эркин басып оттоо үчүн малды аркан менен байлап коюу. Балдар уйларды аңызга аркандап коюшту (Абдукаримов). Күрөң бээни огороддун четине алып барып аркандады (Каимов).
Аркандалып байланган. Ар жагында күшүлдөп, Аркандалуу уй жатат (Турусбеков). Аркандалуу турган атымдын чылбырын бошотуп, тердик салбай ыргып миндим (Сыдыкбеков).
Келин күйөөнүн айылына жеткенге чейин жолдогу айылдарда аркан менен жолун тороо салты. Тоскондорго келин алган тарап түрдүү белектерди (кол жоолук, шакек, акча ж.б.) берип, өзүнө жол бошоттурат.