Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Колго багылган жана жапайы (көбүнчө жырткыч) сүт эмүүчү жаныбарлар. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»). Айбан эңкейсе, жер үрпөйөт (макал). Айбан аласы сыртында, адам аласы ичинде (макал).
2. өт. Адамгерчилиги жок, мүнөзү жаман, орой; ырайымсыз, таш боор. Айбан эмей эмне, Адамчылык кылбаса (Тоголок Молдо). Теңир урган Чонтойдун Жоругу айбан малда жок (Тоголок Молдо).
АЙБАН II зат. 1. Үйгө жанаштыра салынган, көбүнчө калканчы бар аянтча, секиче, бастырма. Токтор менен Култай айбанда отурган эле (Абдукаримов).
2. Калканч. Башында айбаны тар шапке (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бакма жана жапайы жашаган төрт аяктуу жаныбарлардын жалпы аты. Айбан туруп сүйлөгөн, Жылкыдан башка Чалкуйрук («Эр Төштүк»), Кабылан, жолборс, карышкыр, Азуусу бар айбандар (Тоголок Молдо). Үй айбандары. Жапайы айбандар. 2. өт. Мүнөзү жаман, адамгерчилиги жок, орой, ырайымсыз, наадан (кишиге карата). Айбандын ойрон кылып жаткан жайын, Берлинге улам жакын калган сайын (Осмонов). Жеткен айбан экенсиң го («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙБАНБОЗ — Манастын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак, Сыргактардын соңунан кууп келген кытайларга каршы согушка А-ду минип кирүүгө мажбур болот. А. Манасты көтөрө албай Коңурбайдын көп колунун курчоосунда калат. Эпосто бул мотив аркылуу А-дун тулпарлык касиетинин начардыгы, Манасты Аккула менен Тайбуурулдан башка ат көтөрө албастыгы көрсөтүлгөн.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙБАНБОЗ — Айкожонун тулпары. Валиханов жазып алган эпизодбоюнча Көкөтөйдүн ашында «Айбанбоздой күлүк ат» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 78-б.) алып келип чапсын деп айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Айбанга тиешелүү касиет, сапат. Айбандыгың болбосо, Акылың артык бир малсың! («Эр Табылды»).
2.өт. Адамгерчиликке сыйбагандык, адамгерчилиги жоктук, жырткычтык. Көрдүңөрбү, агалар, Айбандык кылык билинди («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айбанга таандык сапаттар, касиеттер. Айбандыгың болбосо, Акылың артык бир малсың («Эр Табылды»). 2. Адамкерчилиги жоктук, наадандык. Көрдүңөрбү, агалар? Айбандык кылык билинди («Эр Төштүк»). Өлөрүн өзү билбеген Айбандык жайы дагы бар («Манас»).