Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Илимий, көркөм, саясий ж.б. чыгармалардын жалпы жыйындысы; ар кандай китептер, журналдар ж. б. [Марфа].. жумушчулар үчүн бир топ жаңы адабияттар, газеталар ороп таңды (Сасыкбаев). [Сагынбек].. технологиялык адабияттарды арбын окуду (Сасыкбаев). Биологиялык адабият. Технологиялык адабият.
2. Турмуштук кубулуштарды, окуяларды, көркөм чыгармаларды, образдарды сөз аркылуу сүрөттөп көрсөтүүчү искусствонун бир түрү; проза же поэзия түрүндөгү көркөм чыгармалар. Адабият деген искусствонун бир түрүсөз чеберчилиги, сөз искусствосу (Абдукаимов). Кыргыз адабияты. Балдар адабияты.
Адабият таануу — көркөм адабияттын теориясы жана тарыхы жөнүндөгү, адабий сын жөнүндөгү илимдердин жыйындысы. Көркөм адабият адабият менен бирдей (2-маанисинде).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тигил же бул элдин, доордун, бүткүл адам баласынын илимий, көркөмдүк, философиялык ж.б. чыгармаларынын жалпы жыйындысы. Марфа жумушчулар үчүн бир топ жаңы адабияттар, газеталар ороп таңды (Сасыкбаев). 2. адаб. Искусствонун сөз өнөрү менен ишке ашуучу, дүйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү. Адабият биринчи иретте талантты талап кылат, адабиятта колдоо менен, эптөө менен, уурулук менен ат салышууга болбойт (Шүкүрбеков). Балдар адабияты. Көркөм адабият. 3. Илимдин айрым бир тармагы же атайын бир маселеси боюнча басылып чыккан чыгармалардын жалпы жыйындысы. Философиялык адабият. Техникалык адабият.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адабият менен иришкен адам; жазуучу. Адабиятчы жана сынчы катарында Чыңгыз Айтматов жазуучулардын ичинен өзгөчө бөлүнүп турат. 2. Көркөм адабият же адабият таануу боюнча адис. к. Асаналиев, к. Артыкбаев, М. Борбугулов, А. Садыков, к. Бобулов, С.Жигитовдорду атасак болот.