I этиш. Элик уулоо, элик атууга чыгуу. Мылтыгын асынып, карагайлуу черди аралап эликтеп чыкты («Советтик Кыргызстан»).
ЭЛИКТЕ II этиш. Туурап, бети-башын кыйшаңдатып шылдыңдоо, жактырбоо, мыскылдоо. Эликтеп, туурап мыскылдап, Башыңды неге иесиң (Аалы). Кыздын арсызды эликтеген шылдың күлкүсү эле (Сыдыкбеков).
«Бирөөнү шылдыӊдап күлүү» деген маанидеги эликте сөзү элик+те бөлүктөрүнөн турат. Анын элик деген уӊгусу Махмуд Кашгаринин заманында (XI кылым) «мыскыл, шылдыӊ» маанисин берген. Ошол сөзгө этиш жасоочу –ла мүчөсү уланып, эликте сөзү келип чыккан» (Сейдакматов 1988:268).
Мунун теги «кол» маанисиндеги элик сөзү болушу да мүмкүн. Анткени бул сөз негизинен, кыз-келиндерге карата колдонулуп, алар эликтеп шылдыӊ кылганда, колу менен бетин чымчып күлүшкөн. Ушундан улам эликтин «шылдыӊ» деген өтмө мааниси пайда болсо керек деп божомолдоого болот.
1. передразнивать; строить гримасы, передразнивая кого-л., корчить рожи;
мурдун чүйрүп, ээгин жогору көтөрө, эликтеп койду сморщив нос, задрав кверху подбородок, она скорчила рожу;
2. перен. следовать кому-л., подражать.
эликте- (элик уула-)
(сүйл.)
«Бирөөнү шылдыңдап күлүү» деген маанидеги эликте сөзү элик+те бөлүктөрүнөн турат. Анын элик уңгусу Махмуд Кашгаринин заманында (XI кылым) «мыскыл, шылдың» маанисин берген. Ошол сөзгө этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, эликте сөзү келип чыккан.
Бирөөнү шылдыңдап туурап же бети-башын кыймылдатып мыскылдоо. Эликтеп, туурап мыскылдап, Башыңды неге ийесиң (Токомбаев). Кыздын арсызды эликтеген шылдың күлкүсү эле (Сыдыкбеков).
эликте этишинин кош мамилеси.