Барган эле, билгеи эле деген учурларда айтылган эле жардамчы этиши кыргыз тилинин ичкилик говорунда эде түрүндө айтылат. Ал сөз байыркы түрк тилинде эрди болуп колдонулган. Алгачкы эрди сөзү эр+ди деген бөлүктөрдөн туруп, эр – «бол» маанисиндеги этишке өткөн чактын -ды мүчөсү уланган. Мисалы: ол менин бирла эрди (Ал мени менен бирге эле). Түрк бодун табгачка көрүр эрди (Түрк эли табгачка багынар эле). Уңгунун р тыбышы түшүшүнөн жана и тыбышы э тыбышына алмашуудан ичкилик говорлорундагыдай эде варианты келип чыккан. Кыргыз тилинин көпчүлүк говорлорунда д тыбышы л тыбышына алмашып эле сөзү жаралган: эрди>эди>эде>эле.
Унду эле деген учурда айтылган эле сөзү байыркы түрк тилинде элге түрүндө айтылып, азыркы кыргыз тилинин айрым говорлорунда айтылган элге сөзүнө туура келген. Мына ушул элге этиши алгачкы ирге (<ирик+е) сөзүнүн илге//элге болуп өзгөрүшүнөн келип чыккан. Илге этиши ылга этишинин маанисинде кыргыз тилинде колдонулат. Ирге сөзү «ирилерин тандап алуу» дегенди билдирсе, р тыбышы л тыбышына өткөндө илге>ылга болуп өзгөрүп, «тандап алуу, бөлүп алуу» дегенди туюнткан. Ал эми элге варианты «унду урпагынан жана башка кошундулардан бөлүп алуу» деген мааниге айланган. Алгач илге//ылга//элге сөздөрү «сорттоо, бөлүү, тандоо» деген жалпы маани берген сөздөрдөн болгон. Кийин тыбыштарындагы айырмаларына жараша маанилеринде айырмалар пайда болуп, ар бири белгилүү бир кыймылды билдирүүгө өткөн.