Эңсегениндей, самаганындай болбой, ою ордунан чыкпай, шагы сынып, шаабайы сууп шалдая түшүү, бозала болуу, ыза болуу. Эне-Бейит деп ээленгидей болсо, деги эле кой! Мына! Чакырып урган иттей болдуңарбы! (Айтматов). Чакырып урган иттей болуп бир топтон кийин Петруха келди (Айтматов).
Эңсегениндей, самаганындай болбой, ою ордунан чыкпай, шагы сынып, шаабайы сууп шалдая түшүү, бозала болуу, ыза болуу. Эне-Бейит деп ээленгидей болсо, деги эле кой! Мына! Чакырып урган иттей болдуңарбы! (Айтматов). Чакырып урган иттей болуп бир топтон кийин Петруха келди (Айтматов). В.: Чакырып урган иттей кылуу. – Тоголок Молдо, сенин окууң чала. Дүр аны менен дагы акыйлашып отургусу келбей, шарт өкүмүн маалымдады. Чакырып урган иттей кылды го дегенсип, Байымбет дал боло закымга тунжурады (Бейшеналиев).