зат.1. учуна илмек кылып аркан же жип байлап алып жылкы кармоо үчүн колдонулуучу узун жыгач. Укуругун сүйрөткөн, Азоолорун үйрөткөн (Осмонкул).
2. Кар жиликтин бооруна жабышкан укурукка окшош ичке сөөк.
3.өт. Узун, койкойгон. Укурук моюн, калем каш, Кундузга окшош олоң чач (Үсөнбаев).
♦Укуругуузун — баары бир куткарбайт, кармап алат деген мааниде колдонулат.
Кыргыз тилинин өзүндө укурук сөзүнүн башкы тыбышы түшүп, курук болуп айтылган түрү да кездешет. Мына ушул курук түрүнөн куркуй этиши келип чыгат. Көпчүлүк түрк тилдерине ушул сыяктуу курук//курых//корок түрү тараган. Байыркы түрк тилинде бул сөз уриклиг түрүндө айтылган (ДТС, 616). Ал сөз урук+лук бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түрк тилинде урук сөзү «аркан, жип» маанисин берген (ДТС, 616). Ага -лыг мүчөсү уланып, уруклуг сөзү жаралган. Бул -лыг мүчөсү азыркы кыргыз тилиндеги -луу мүчөсүнө туура келет. Ошондо уруклуг сөзү «аркандуу» деген маани берген сөз болуп чыгат.
Кийин уруклуг сөзүнүн тыбыштарында өзгөрүүлөр болуп өтөт. Урук уңгусунун р жана к тыбыштары орун алмаштырып, укур түрүнө келсе, мүчөнүн башындагы л тыбышы түшүп калат. Натыйжада укурук сөзү жаралат.
Бир нерсеге такоол бере ала тургандай, кайраттуу, эр азамат. Ушунча элден, өзүбүздүн тукумдан укурук кайрар чыкпайбы, - деп бий күңкүлдөй баштады (Осмоналиев).
Бир нерсеге такоол бере ала тургандай, кайраттуу, эр азамат. Ушунча элден, өзүбүздүн тукумдан укурук кайрар чыкпайбы, – деп бий күңкүлдөй баштады (Осмоналиев). Укурук кайрар түк калбайт («Манас» С. К.).
Колго түшүрүү, тизгинин тартып коюу, жоошутуп, тыйып коюу. Качанкыга чейин эле ошентип тыюудан чыгып жүрө берер дейсиң, ага укурук салчу киши чыгар («Чалкан»).
Колго түшүрүү, тизгинин тартып коюу, жоошутуп, тыйып коюу. Качанкыга чейин эле ошентип тыюудан чыгып жүрө берер дейсиң, ага укурук салчу киши чыгар («Чалкан»).