Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (истолкование) түшүндүрүү, түшүнүк берүү;
толкование закона закондун түшүнүгүн берүү;
2. (высказывание, объяснение) түшүнүк, түшүндүрмө;
дать правильное толкование чему-л. бир нерсеге туура түшүнүк берүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АУТЕНТИКАЛЫК (АНЫК) ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдерин ырасмий чечмелөөнүн бир түрү, аларды чыгарган мамлекеттик органдын укук ченемдерин түшүндүрмөлөөсү. А. ч. укук ченемдеринин маани-маңызын түздөнтүз түшүндүрүү менен мүнөздөлөт жана аларды колдонуучулар үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ болот.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАК (ТОЛУК, БИРДЕЙ) ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдеринин маани-маңызы жана сөздүк мазмуну (чектеме чечмелөөдөн же таралма чечмелөөдөн айырмалуу) дал келген учурларда орун алган укук ченемдеринин чечмелөөсү. Т.ч. укук ченемдерин өлчөмү боюнча чечмелөөгө кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ГРАММАТИКАЛЫК ЧЕЧМЕЛӨӨ – сөздөрдүн түзүмдүк байланышын аныктоо үчүн анын маани-маңызын жана мазмунун талдоодон көрүнгөн укук ченемдерин чечмелөө ыктарынын бири. Г. ч. сөзгө сөздүн демейки же атайын колдонулуусундагы маани-маңызга ээ болуусун талаптайт. Г. ч. тигил же бул укук ченеминин сөздүк чагылдырылышынын маңызын, аны ошол ченемдин башка бөлүгүнүн мазмунуна салыштыруу жолу менен аныктоо зарыл болгондо орун алат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРЫХЫЙ ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдерин чечмелөө, чечмелөөчү ченемдин мазмунун анын мурдагы иштеп жаткан же аны иштеп чыгууга байланыштуу даярдык көрүү материалдары менен салыштыруу, окуп-үйрөнүү зарылдыгы болгон учурларда келип чыгат. Ошентип, тигил же бул конституциялык ченемдердин маани-маңызы жана мазмуну мамлекеттин конституциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу иштерин чагылдырган материалдарды талдоого алуу жолу менен аныкталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЗУАЛДЫК ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдерин ырасмий чечмелөө түрү; дайындуу жагдайлар боюнча укук ченемдерин колдонуучу бийлик органдары тарабынан берилет (м.: өкүм, мында соттолуучуну жазалоо чарасы негизделет, күнөөнү оорлотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлар ж.б. көрсөтүлөт).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК ЧЕЧМЕЛӨӨ – ченемдикти чечмелөөнүн бир түрү (аутентикалык менен бир катар); мыйзамдык мүнөзгө ээ болот жана ал тапшырылган же улуксат берилген субъекттер тарабынан ишке ашырылат. Алсак, КР Жогорку сотту мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелбесе да, ченемдик актыларды, а. и. мыйзамдарды (КР Жогорку сотунун Пленумунун түшүндүрмөлөрдү кабыл алуу укугу) чечмелөө укугуна ээ.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЛОГИКАЛЫК ЧЕЧМЕЛӨӨ – ой жүгүртүү мыйзамдарынын жардамы менен укук ченемдеринин маанимаңызы жана мазмунун түшүндүрүү жана түшүнүү. Аркыл ыктардан түзүлөт: укук ченемдеринин алдынала көрсөтмөлөрүнөн улам бир катар укуктук тергөөлөрдүн логикалык ой жүгүртүмү, «карама-каршыдан» чечмелөө, кичинеден чоңду карай жана тескерисинче корутундулоо.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕНЕМДИК ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдерин (казуалдык менен бир катардагы) ырасмий чечмелөөнүн түрү. Укукту колдонуунун жүрүшүндө жалпы жетекчилик үчүн кызмат кылат, чектелбеген жагдайлардын катарына кирет жана субъекттердин кеңири чөйрөсүнө таралат. Ч. ч. аутентикалык (анык) чечмелөө жана ачык чечмелөө болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУК ЧЕНЕМДЕРИН ЧЕЧМЕЛӨӨ – мамлекеттик органдардын, аргандай уюмдардын жана айрым жарандардын мыйзам чыгаруучунун укук ченемдеринде чагылдырылган жалпыга милдеттүү эркинин маанимаңызын жана мазмунун түшүндүрүүгө жана түшүнүүгө багытталган ишмердиктери. У. ч. ч-нүн максаты – турмуштун дайындуу жагдайларына карата алардагы алдынала көрсөтмөлөрдү туура колдонуу. Бул укукту колдонуунун юридикалык билим деңгээли талап кылуучу белгилүү баскычы. Чечмелөөнүн түрлөрүн аркыл негиздер боюнча жиктештирүүгө болот. Юридикалык күчү боюнча У. ч. ч. ырасмий жана ырасмий эмес болуп бөлүнөт. Ырасмий чечмелөөнүн түрлөрүнө – ченемдик жана казуалдык У. ч. ч., ырасмий эмесинин түрлөрүнө – доктриналдык жана учурдагы чечмелөөлөр кирет. У. ч. ч-нү көлөмү боюнча так (толук, бирдей), чектөөчү жана таралма деп жиктөөгө болот. Чечмелөө ыктарына байланыштуу чечмелөө грамматикалык, логикалык, тутумдуу жана тарыхый деп айырмаланат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРАЛМА ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдердин сөздүк мазмуну анын чыныгы маани-маңызынан тарыраак болгон учурларда берилүүчү укук ченемдеринин чечмелөөсү. КР Конституциясынын «соттор көзкарандысыз жана КР Конституциясына жана мыйзамга гана баш ийет» деген ченеми мисал катары кызмат кыла алат. Бул статьянын мазмуну боюнча алар мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларга баш ийишпейт. Бирок, аны кеңири чечмелөө керек: соттор мамлекетте иштеп жаткан ченемдик укуктук актылардын бүтүндөй тутумуна баш ийишет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУТУМДУК ЧЕЧМЕЛӨӨ – тийиштүү ченемдик укуктук тутумдагы ордун аныктоо жолу менен укук ченеминин маани-маңызын ачуу. Ченемдик укуктук актылардын тутуму аны түзүүнүн белгилүү негизделишине, демек, укук ченеминин жайгашуусу боюнча (белгилүү учурларда) анын чыныгы маанисин ачууга мүмкүн болгон негизде мыйзам чыгаруучу тарабынан аныкталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЧУРДАГЫ ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемин ырасмий эмес чечмелөөнүн түрү; күндөлүк иш тажрыйбада укук колдонуучу орган (сот, мамлекеттик башкаруу органы ж. б.) тарабынан берилүүчү түшүндүрүүнү билдирет. Дайындуу учур үчүн гана маанилүү болот.