Толкование систематическое
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ТУТУМДУК ЧЕЧМЕЛӨӨ – тийиштүү ченемдик укуктук тутумдагы ордун аныктоо жолу менен укук ченеминин маани-маңызын ачуу. Ченемдик укуктук актылардын тутуму аны түзүүнүн белгилүү негизделишине, демек, укук ченеминин жайгашуусу боюнча (белгилүү учурларда) анын чыныгы маанисин ачууга мүмкүн болгон негизде мыйзам чыгаруучу тарабынан аныкталат.