Толкование нормативное
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЧЕНЕМДИК ЧЕЧМЕЛӨӨ – укук ченемдерин (казуалдык менен бир катардагы) ырасмий чечмелөөнүн түрү. Укукту колдонуунун жүрүшүндө жалпы жетекчилик үчүн кызмат кылат, чектелбеген жагдайлардын катарына кирет жана субъекттердин кеңири чөйрөсүнө таралат. Ч. ч. аутентикалык (анык) чечмелөө жана ачык чечмелөө болуп бөлүнөт.