Киргизско-русский словарь Юдахина
1. лес;
жалгыз дарак токой болбойт погов. одинокое дерево леса не составляет;
токой даярдоо лесозаготовки;
токой өнөр жайы лесная промышленность;
токой чарбасы лесное хозяйство, лесхоз;
2. тугай (заросли кустарника, часто смешанного с камышом, по поймам рек, речек, по берегам озёр, на болотистых местах);
толгон токой несметное число кого-чего-л.;
толгон токой жаман сөздөрүн жаадырып коё берди он обрушил несметное число бранных слов;
толгон токой каалгага баш багып жүрүп ал кишини да таптык заглядывая во многие и многие двери, мы того человека тоже нашли.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Аягы менен турган көп дарак, бак-дарак көп жана калың чыккан чоң аянт. Арсланбап асыл жер экен, Ар түрдүү жыгач кени бар, Караңгы токой чер экен (Тоголок Молдо). Өзөндүн боюндагы калың токой кыймылсыз телмиришет (Каимов). Жалгыз дарак токой болбойт (макал).
Толгон токой — өтө көп. Бакендин көңүлүн кымкуут кылган толгон токой суроолор (Каимов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ – жерди өсүмдүк капташынын негизги түрлөрүнүн бири, ал өзүнүн өнүгүүсү боюнча биологиялык жактан өзара байланышкан жаныбарлар менен микроорганизмдерди камтып, бири-бирине жана тышкы чөйрөгө таасирин тийгизген бак-дарактардын, бадалдардын, чөптөрдүн ж. б. өсүмдүктөрдүн жыйындысынан турат. Т. биосферанын курамдык жана маанилүү бөлүгү, географиялык ландшафттын бөлүкчөсү. Дарыялардын гидрологиялык ыраатын камсыз кылууда, жер кыртышынын бузулуусунун алдыналууда, кургакчылык менен күрөшүүдө зор мааниге ээ.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бак-дарак көп жана калың чыккан чоң аянт. Арсланбап асыл жер экен, Ар түрдүү жыгач кени бар, Караңгы токой чер экен (Тоголок Молдо). Өзөндүн боюндагы калың токой кыймылсыз телмиришет (Каимов). Жалгыз дарак токой болбойт (макал). 2. Суулардын, дарыялардын, көлдөрдүн жээгиндеги жана саздуу жерлердеги камыш аралаш чыккан калың бадал, бадал өсүмдүктөр жыш өскөн жер.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз кыргыз тилине башка түрк тилдеринен келип кирген, түпкү теги боюнча моңгол сөзү. Моңголчо тохой сөзү «1) чыканак; 2) тохой (0,32 см. келген узундук чени); 3) өтм. суунун, дарыянын имерилген жери» (МРС, 414) маанисин берсе, татарча тугай сөзү «1) суунун, дарыянын имерилиши; 2) суунун жээги, шалбаа; 3) бадал токой (ТРС, 551) маанисин туюнтат. Кыргыз тилинде токой сөзү суу жээгиндеги ийри-буйру жерлерге өскөн бадалдарды гана эмес, тоолордо өскөн жыгач калың өскөн массивди да туюнтуп калган. Ушундай мааниде түркмөнчө токой, кара калпакча тогай сөзү да айтылат. Моңголчо тахийх «ийил, имерил, бүгүл» маанисин берет. Андан такым сөзү келип чыгат. Ошону менен бирге тахы этишинин үндүүлөрү өзгөрүп кеткен тохи//дохи варианттары да кеңири колдонулат. Ошол тохи уңгусунан моңголчо тохир «1) ийрилген, ийри; 2) майып болгон, чолок», кыргызча төкөр сөзү жаралган. Ал эми тохи этишинен сөз болуп жаткан тохой (<тохо + й) сөзү жаралып, ал «колдун ийрилип, кайра жазылып турган чыканагы» деген маани берген. Түрк тилдерине тохой сөзүнүн «чыканак» мааниси кирбей, ал сөздүн кийин пайда болгон мааниси кирген. Ошол калыбында тим болбостон, токой сөзүнүн мааниси дагы кеңип, кыргыз тилиндегидей абалга келген. Натыйжада моңголчо тохой сөзүнүн эң алгачкы мааниси менен азыркы кыргызча токой сөзүнүн ортосундагы семантикалык байланышты аныктоо кыйындап кеткен.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ – токойду корууга, сактоого, көбөйтүүгө, сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарбасын жүргүзүү маданиятын өстүрүүгө багытталган иш-чаралар тутумун иштеп чыгууну камсыз кылууга адистешкен токой чарбачылык ишмердүүлүгүнүн түрү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ КАДАСТРЫ – токойду сарамжалдуу пайдалануу, коруу, сактоо, көбөйтүү, токой чарбасынын өнүгүшүн пландаштыруу жана токой корун жайгаштыруу үчүн мамлекеттик бирдиктүү тутум боюнча мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүчү токой жөнүндөгү маалыматтардын жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ КОНКУРСУ – токойду пайдаланууга лицензия берүүнүн тартиби, адатта лицензия өзгөчө социалдык маанилүү экологиялык жана технологиялык шарттарды камтыганда жана лицензиянын шарттарын өз убагында жана так, толук аткарууга кыйла алгылыктуу технологиялык жана каржылык кепилдиктерди берүүгө даяр жана жөндөмдүү квалификациясы эң мыкты конкурстун катышуучусу тандалган шартта колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ МОНИТОРИНГИ – токой корунун абалы менен өзгөрүүлөрүнө байкоо жүргүзүү, баа берүү, божомолдоо тутуму; антропогендик таасирлерден улам экологиялык тутумдун такай байкоо жүргүзүү, баа берүү, божомолдоо тутумун колго алган жаратылыш чөйрөсүнүн мониторингинин курамдык бөлүгү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ СЕРВИТУТУ – белгиленген тартипте маданий-денсоолук чыңдоо максатында пайдалануу үчүн, жапайы өскөн мөмөлөрдү, жаңгактарды, козукарындарды, жер-жемиштерди ж. б. токой азык-түлүк байлыктарын ышкыбоздук жыйноо үчүн жарандардын токой коруна эркин кирүү укугу. Жарандардын токой аралоо, токойдун азык-түлүк, дары-дармек, техникалык өнүмүн жыйноо боюнча чек коюу, ошондой эле өрт кооптуулугунун учурунда жарандардын токойдо болуу мөөнөтүн аныктоо тартиби токой чарбачылыгын башкаруунун аймактык, облустук, облустар аралык мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ УКУГУ – токой байлыктарын пайдалануу жана коргоо боюнча коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдеринин тутуму. Т. у. мыйзамдардын өзалдынча тармагы, ошондой эле ал экологиялык укуктун тармактык топтомунун бөлүкчөсү катары чыккан илимий-укуктук жана окуу сабагы болуп саналат. Токой коруна кирген жана кирбеген токойлорду, ошондой эле токой өсүмдүктөрү каптабаган токой корунун жерлерин (токой мамилеси) пайдалануу, коруу, сактоо жана аларды көбөйтүү жаатындагы мамилелер Т. у-на таандык болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ ЧАРБАСЫ – мамлекеттик токой чарбачылыгын башкаруу органынын башкы курамдык бөлүгү болуп саналып, мамлекеттик токой чарбачылыгын башкаруу органынын жана токой чарба ишканасынын аймагында иш-милдетин өтөөчү обочолонгон өндүрүштүк-чарбалык бирдик; чарбалык жана каржы иштерин толугу менен өзалдынча жүргүзгөн юридикалык жак болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ ЧАРБАСЫ – токойду изилдөө жана эсебин алуу, аны сактоо жана коруу, көбөйтүү, пайдаланууну жөнгө салуу, токой байлыктарын пайдаланууга көзөмөлдүк кылуу иш-милдетине кирген материалдык өндүрүш тармагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ЖАМААТТАШ ЖҮРГҮЗҮҮ – түздөнтүз токой фондусунда, же ага жакын жайгашкан жергиликтүү бирлештиктин токойчарба ишмердигин (токтойлорду коргоо жана сактоо, калыбына келтирүү, өстүрүү жана пайдалануу) пландоосу жана ишке ашыруусу.