ТОКОЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бак-дарак көп жана калың чыккан чоң аянт. Арсланбап асыл жер экен, Ар түрдүү жыгач кени бар, Караңгы токой чер экен (Тоголок Молдо). Өзөндүн боюндагы калың токой кыймылсыз телмиришет (Каимов). Жалгыз дарак токой болбойт (макал). 2. Суулардын, дарыялардын, көлдөрдүн жээгиндеги жана саздуу жерлердеги камыш аралаш чыккан калың бадал, бадал өсүмдүктөр жыш өскөн жер.