Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз кыргыз тилине башка түрк тилдеринен келип кирген, түпкү теги боюнча моңгол сөзү. Моңголчо тохой сөзү «1) чыканак; 2) тохой (0,32 см. келген узундук чени); 3) өтм. суунун, дарыянын имерилген жери» (МРС, 414) маанисин берсе, татарча тугай сөзү «1) суунун, дарыянын имерилиши; 2) суунун жээги, шалбаа; 3) бадал токой (ТРС, 551) маанисин туюнтат. Кыргыз тилинде токой сөзү суу жээгиндеги ийри-буйру жерлерге өскөн бадалдарды гана эмес, тоолордо өскөн жыгач калың өскөн массивди да туюнтуп калган. Ушундай мааниде түркмөнчө токой, кара калпакча тогай сөзү да айтылат. Моңголчо тахийх «ийил, имерил, бүгүл» маанисин берет. Андан такым сөзү келип чыгат. Ошону менен бирге тахы этишинин үндүүлөрү өзгөрүп кеткен тохи//дохи варианттары да кеңири колдонулат. Ошол тохи уңгусунан моңголчо тохир «1) ийрилген, ийри; 2) майып болгон, чолок», кыргызча төкөр сөзү жаралган. Ал эми тохи этишинен сөз болуп жаткан тохой (<тохо + й) сөзү жаралып, ал «колдун ийрилип, кайра жазылып турган чыканагы» деген маани берген. Түрк тилдерине тохой сөзүнүн «чыканак» мааниси кирбей, ал сөздүн кийин пайда болгон мааниси кирген. Ошол калыбында тим болбостон, токой сөзүнүн мааниси дагы кеңип, кыргыз тилиндегидей абалга келген. Натыйжада моңголчо тохой сөзүнүн эң алгачкы мааниси менен азыркы кыргызча токой сөзүнүн ортосундагы семантикалык байланышты аныктоо кыйындап кеткен.