Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. рел. (о паломниках) хождение вокруг священного места, вокруг святыни (первоначально вокруг Каабы); поклонение священному месту, святыне;
2. перен. смиренное оказание почестей, почтения;
тооп кыл- оказывать почести, оказывать почтение;
катын түгүл, эркекке тооп кылып койчу эмес фольк. она не только женщине, но (даже) мужчине не оказывала почтения.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. дин. Ыйык, касиеттүү жерлерде болуп, ага сыйынуучулук табынуучулук. Карагаттай кайран көз, Камчы бою жаш кеткен. Тооп кылып чыркырап, Токтобой ыйлап буркурап, Эгемден сурап баланы («Манас»). 2. Кадырлап урмат көрсөтүүчүлүк. Катын түгүл, эркекке тооп кылып койчу эмес («Манас»). Тооп кылып жүрүүчү («Семетей» С. К.). Атамды көрөр менен тооп этпей, Караймын энди кантип деди жүзүн («Эл адабияты»). Ал акырын эңкейип, акылман капыздын этегине тооп кылды (Касымбеков).