небольшое ровное место в высоких горах, равнина;
тектиринде теке көп, курбусунда кулжа көп фольк. на равнинах там козлов много, на уступах там архаров много.
зат. Тоонун, бийик дөбөнүн же таштын, зооканын боорундагы, капталындагы түз жер, секи. Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү (Элебаев). Тектиринде теке бар, Будурунда бугу бар («Манас»).
Тоонун, бийик дөбөнүн же таштын, зооканын боорундагы, капталындагы түз жер, секи. Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү (Элебаев). Тектиринде теке бар, Будурунда бугу бар («Манас»). Жолойдун жогорку жагында кичинекей тектир сымак түзөң бар (Жантөшев).
~: тескейинде керилген тектирленген торпусу стих. на терскее там каменистые склоны с ровными уступами.
тектирлен-, тектирленбей,
тектирленген
Кичинекей тектир, тектир сымак жер. Токтогул боз үйдүн ордундай тектирчеге келди (Токомбаев). Балдар айылдын үстүндөгү тектирчеге чыгып, шахмат ойноп отурушту (Абдумомунов).