Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылуу, кыйратуу, талкалоо, ойрон кылуу. Таш талканын чыгарып, Такыр кырып салганы («Манас»). Осмонбеков атч ан д ар дивизиясынын командири болуп, басмачылардын таш талканын чыгарган («Кыргызстан аялдары»). 2. Бүтүрүү, аягына чыгаруу, майын чыгара, мыкты иштөө. Бүтпөй жаткан жумуштун таш талканын чыгарып (Шамшиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылуу, кыйратуу, талкалоо, ойрон кылуу. Таш талканын чыгарып, Такыр кырып салганы («Манас»). 2. Бүтүрүү, аягына чыгаруу, майын чыгара, мыкты иштөө. Бүтпөй жаткан жумуштун, Таш талканын чыгарып (Шамшиев). В.: Ташын талкан кылуу. Каршылашкан душмандын, Ташын талкан кылабыз (Осмонкул). Талканын чыгаруу. Ополдун максаты аларды камынтпай басып, талканын чыгаруу (Осмоналиев).