ТАШ ТАЛКАНЫН ЧЫГАРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жок кылуу, кыйратуу, талкалоо, ойрон кылуу. Таш талканын чыгарып, Такыр кырып салганы («Манас»). 2. Бүтүрүү, аягына чыгаруу, майын чыгара, мыкты иштөө. Бүтпөй жаткан жумуштун, Таш талканын чыгарып (Шамшиев). В.: Ташын талкан кылуу. Каршылашкан душмандын, Ташын талкан кылабыз (Осмонкул). Талканын чыгаруу. Ополдун максаты аларды камынтпай басып, талканын чыгаруу (Осмоналиев).