Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылуу, кыйратуу, талкалоо, ойрон кылуу. Таш талканын чыгарып, Такыр кырып салганы («Манас»). Осмонбеков атч ан д ар дивизиясынын командири болуп, басмачылардын таш талканын чыгарган («Кыргызстан аялдары»). 2. Бүтүрүү, аягына чыгаруу, майын чыгара, мыкты иштөө. Бүтпөй жаткан жумуштун таш талканын чыгарып (Шамшиев).