Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. порядок, распорядок; правило;
ички тартип правила внутреннего распорядка;
тартипке кел- упорядочиваться, приходить в порядок, в систему;
тартипке келтир- или тартипке сал- упорядочивать, регулировать, систематизировать;
тартипке келтирүү приведение в порядок, упорядочение;
тартипке чакыр- призвать к порядку;
күн тартиби порядок дня, повестка дня;
күн тартибине кой- поставить в порядок или на повестку дня;
2. дисциплина;
эмгек тартиби трудовая дисциплина;
өндүрүш тартиби производственная дисциплина;
ак тартип южн.
1) дисциплинированный;
2) (о девушке) степенная, благовоспитанная.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Белгилүү бир коомдун, уюмдун коллективинин бардык мүчөлөрү баш ийүүгө милдеттүү болгон эреже, жобо. Эмгек тартиби. Аскердик тартип.
  1. 2.                  Жалпы эле жүрүш-туруш эрежеси, адамга мамиле кылуунун, өзүн алып жүрүүнүн жалпы нормасы. Тартиби жакшы адам.
  2. 3.                  Белгилүү бир нерсенин жалпы ирети. Китептериңди тартипке келтирип жыйнап кой.

Күн тартиби — чогулушта карала турган маселелердин тизмеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир коомдун, уюмдун, жамааттын бардык мүчөлөрү баш ийүүгө милдеттүү болгон эреже, жобо. Эмгек тартиби. Аскердик тартип. 2. Жалпы эле жүрүш-туруш эрежеси, адамга мамиле кылуунун, өзүн алып жүрүүнүн жалпы нормасы. Тартиби жакшы адам. 3. Белгилүү бир нерсенин жалпы ирети. Китептериңди тартипке келтирип жыйнап кой.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИП БУЗУУ ЖОРУГУ – тарипке салуу иретинде жоопкерчилик каралган кызматкерлердин (аскер кызматкеринин) эмгек же кызмат тартибин укукка каршы бузуусу (кара: Тартип бузуу жоопкерчилиги ).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИП ЖООПКЕРЧИЛИГИ – эмгек тартибин бузуучуларга таасир этүүнүн укуктук тариздеринин бири. Юридикалык жоопкерчиликтин (кылмыш-жаза, административдик, жарандык-укуктук жоопкерчиликтер менен бир катардагы) кызматкер эмгектенген уюмдун администрациясы тарабынан тартипке чакыруу жазасын берүүдөн көрүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ САЛУУ АСКЕР БӨЛҮГҮНДӨ КАРМОО – жазанын түрү; КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда кыска мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө колдонулат, ошондой эле сот иштин жагдайларын жана соттолгон адамдын алабалын эске алып, 2 жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасын ошол эле мөөнөткө тартиби катуу бөлүктө кармоо менен алмаштыруунун зарыл деп тапкан учурда колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ САЛУУ БАТАЛЬОНДОРУ – соттун чечими боюнча оор эмес кылмыш иштерин кылышкан аскер кызматчылары жөнөтүлүүчү атайын аскер бөлүктөрү. Жабык түрүндөгү түзөтүү мекемеси.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ САЛУУ КАПАСЫ – тарбиялоочу абактардагы тартип бузуучулар кармалуучу камералар. Айып капасынан (жазажай ) өзүнүн бошоңураак шарттары менен айырмаланат. (м.; Т. с. к-да 10 гана күн кармалса, кармакжайда 15 күнгө чейин).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ ЧАКЫРУУ ЧАРАСЫ – жүрүм-турум кылыгы (тартипти бузгандыгы) үчүн жоопкерчилик чарасы. Эмгек укугунда төмөнкү Т. ч. ч. колдонулат: эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, жумуштан бошотуу. Тартиптик жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамда, ошондой эле тартип жөнүндөгү жоболордо кызматкерлердин айрым катмарлары үчүн башка Т. ч. ч. каралышы мүмкүн. Алардын баары мыйзамда белгиленген тартипте жокко чыгарылат.