Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Антип айта бербе, байкап сүйлө, абайла деген мааниде зекүү, кекетүү иретиңде колдонулат. Бала сен оозуңа кара! – деп четки отурган адам ага түсүн үйрүдү («Ала-Тоо»). Оозуңа кара, кемсинтпе! (Осмоналиев). В.: Оозуңа карап сүйлө! Оозуңузга карап сүйлөңүз, бай, – деди кайран бала жалтанбастан Мырзабекке (Баялинов). – Эмне дейт! Оозуңа карап сүйлө! Мен да сыйлуу конок (Эшмамбетов). Кой айланайын, сага эч ким теңелбейт, оозуңа карап сүйлө! (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООЗУҢА КАРА Оозуңузга карап сүйлөңүз, бай, -деди кайран бала жалтанбастан Мырзабекке (Баялинов). - Эмне дейт! Оозуңа карап сүйлө! Мен да сыйлуу конок (Эшмамбетов). Кой айланайын, сага эч ким теңелбейт, оозуңа карап сүйлө! (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп, кагуу маанисинде колдонулат. Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин» (Жигитов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коркунучтуу кабар, жагымсыз, начар сөз айтып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп кагуу маанисинде колдонулат. Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин»(Жигитов). В.: Оозуңа таш! Оозуңа таш, какшанган жаагың сынгыр! («Ала-Тоо»). А кокус менден башка бирөөгө буйруса эмне болот эле мунара? Оозуңа таш! дейм өзүмдү өзүм (Акматов). – Оозуңа таш! – деп айтып, бешинчи киши... отурган жеринен тура калды (Осмоналиев). Таш оозуңа! Таш оозуңа! Эмне деп жатасың (Сыдыкбеков).