Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Айрым мекемелердеги (мис., тюрьмадагы) өзгөчө милдетке ылайык жасалган атайын бөлмө.
КАМЕРА II зат. 1. Кандайдыр бир прибордун, жабдыктын ичиндеги боштук, көңдөй.
2. Фотографиялык сүрөттөр түшүрүү үчүн колдонула турган, ичине жарык кирбей турган ящик.
3. Футбол, волейбол топторунун, шинанын ж. б. ичине салып, жел толтурула турган резина баштыкча.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. камера (түрдүү мекемелердеги атайын бөлмө);
камера хранения багажа багаж сактоочу камера;
2. тех. камера (кандайдыр бир прибордун, жабдыктын ичиндеги боштук, көңдөй);
3. фото камера (фотографиялык сүрөттөр түшүрүү үчүн колдонула турган, ичине жарык кирбей турган ящик-аппарат);
4. камера (тебе турган топтун, шинанын ичине салып, жел толтурула турган резина түтүк же резина баштык);
футбольная камера футбол камерасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айрым мекемелерде же уюмдарда жүктөрдү сактай турган өзүнчө бөлмө. Багаждарды сактай турган камера. 2. Машинанын (техникалык жабдуунун, прибордун же курулуштун) ичиндеги туюкталган көңдөй жер, боштук. 3. Футбол, волейбол тобунун, шинанын ж. б. ичине киргизип, жел толтуруучу резина баштыкчасы. 4. Сүрөт тартуу үчүн ичине пластинка же пленка салынып, жарык киргизбей турган фотоаппараттын ички бөлүгү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Түрмөгө түшкөн адамдарды камоочу атайын бөлмө. Мыкаачылар Таабалдыны отуз үчүнчү камерага камашты (Бектенов). Камеранын каалгасын ачып, орто бойлуу үч адам шырп кирип келишти («Жаш ленинчи»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАМЕРАЛДЫК САЛЫК ТЕКШЕРҮҮСҮ – документтик текшерүүдөн мурда жүргүзүлө турган салык текшерүүсү жана ал ар бир салык эсебин алып жаткан маал-да салык кызматкерлери тарабынан салык органы жайгашкан жердин өзүндө (башка жакка чыкпастан) жүргүзүлөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАМЕРАЛДЫК САЛЫК ТЕКШЕРҮҮСҮ – документтик текшерүүдөн мурда жүргүзүлө турган салык текшерүүсү жана ал ар бир салык эсебин алып жаткан маал-да салык кызматкерлери тарабынан салык органы жайгашкан жердин өзүндө (башка жакка чыкпастан) жүргүзүлөт.