Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айрым мекемелерде же уюмдарда жүктөрдү сактай турган өзүнчө бөлмө. Багаждарды сактай турган камера. 2. Машинанын (техникалык жабдуунун, прибордун же курулуштун) ичиндеги туюкталган көңдөй жер, боштук. 3. Футбол, волейбол тобунун, шинанын ж. б. ичине киргизип, жел толтуруучу резина баштыкчасы. 4. Сүрөт тартуу үчүн ичине пластинка же пленка салынып, жарык киргизбей турган фотоаппараттын ички бөлүгү.