Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Айрым мекемелердеги (мис., тюрьмадагы) өзгөчө милдетке ылайык жасалган атайын бөлмө.
КАМЕРА II зат. 1. Кандайдыр бир прибордун, жабдыктын ичиндеги боштук, көңдөй.
2. Фотографиялык сүрөттөр түшүрүү үчүн колдонула турган, ичине жарык кирбей турган ящик.
3. Футбол, волейбол топторунун, шинанын ж. б. ичине салып, жел толтурула турган резина баштыкча.