Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМУЛ — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыштын байгесине зордук кылмакка ниеттенген Коңурбай бир топ баатырларына, анын ичинде К-га «Ашын бузуп чыр кылып, Атын жыгып сын кылып», чыр баштамак болуп кайрылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУМУЛ — топоним. Эпостун көпчүлүк варианттарында жер аты катары колдонулат. «Кумулдан чыккан жол барбы, Курчап келип бу жерде, Кууратып жаткан кул барбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 222); «Кумулду барып чапканда, Астында жүргөн мен элем» (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1061-инв., 1562-б.) деген саптар бар. Географиялык реалияда Синьцзияндагы Кумул (кытайча Хами) шаары менен тике байланышат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КУМУЛЯТИВДИК (ЧОГУЛТУЛМА) АКЦИЯЛАР – ээлери корпорация начар каржылык абалынан улам төлөй албай калып, биркатар жылдар топтолгон дивиденддерди алуусу мүмкүн болгон артыкчылыктуу акциялар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕҢДЕШТИК ДОБУШ БЕРҮҮ – добуш берүүгө катышкан акциялардын санына коомду башкаруунун коллегиялдуу органынын мүчөлөрүнүн жалпы санына барабар добуш туура келген добуш берүү ыкмасы.