Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колдун ийин менен туташкан жеринин ички бети, капталдын үстүнкү бөлүгү. Атам Бердикени колтугунан сүйөп, өзү атказды (Касымбеков). Медет кудуңдап, китепти колтугуна кысты (Каимов). 2. өт. Кысык, бурч, түп. Ошол Үч-Таштын чыгыш жаккы колтугундагы ашууну ары ашса, аркы бети – Ат-Башы (Жантөшев). Паровоз бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев). Менден бири качпаган, Душманга колтук ачпаган (Токомбаев). Дос бололу, Кожокан, Душманга колтук ачпаска (Осмонкул).