Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, акыл-эстүү жан, адам. Эркек киши. Аял киши. Чоң киши. Төмөнкү имерилиштен бир киши көрүндү (Жантөшев). Шамбет кары кишиге артык тамаша айтпай, ажарлуу гана күлүп койду (Сыдыкбеков). Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил (макал). Кишиден башка эч ким жогото албайт муну, кишиден башкага кереги жок мунуңдун... (Усубалиев). 2. Аң-сезимдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, кишилик сапаты бар адам. Бул сага караганда киши экен, айткандарын аткарды («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Чоңоюу, эс тартып, өз оокатын өзү жасагыдай болуп калуу. Аман жүрсө киши болор. Жаман чүрпөлөрү киши болуп калды («Ала-Тоо»). 2. Оорудан жакшы болуу, айыга баштоо, баш көтөрүп калуу. Кагылайын ачык айтып, ак сүйлөчү, абалы кандай, киши болчудайбы? (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чоңоюу, эс тартып, өз оокатын өзү жасагыдай болуп калуу. Аман жүрсө киши болор. Жаман чүрпөлөрү киши болуп калды («Ала-Тоо»). 2. Оорудан жакшы болуу, айыга баштоо, баш көтөрүп калуу. Кагылайын ачык айтып, ак сүйлөчү, абалы кандай, киши болчудайбы? (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу. Мунун киши колдуу болуп өлгөнун же өз ажалынан мурт кеткенин кийин аныктарбыз (Бектенов). - Осоке, Жоодар киши колдуу болуптур! -деди (Өгөбаев). Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти (Касымбеков). 2. Уурдалуу. Саап турган ую киши колдуу болду. Жылкы жоголбой эле киши колдуу болгону билинди (Ш. Үмөталиев). Акынды менден жакын билген киши жок, дептери киши колдуу болуп кетиптир (Абдукаимов). Билип коюңуз, дептер киши колдуу болгон жок, биз да бирдемени түшүнөбүз (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу. Мунун киши колдуу болуп өлгөнүн же өз ажалынан мүрт кеткенин кийин аныктарбыз (Бектенов). – Осоке, Жоодар киши колдуу болуптур! – деди (Өгөбаев). Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти (Касымбеков). 2. Уурдалуу. Саап турган ую киши колдуу болду. Жылкы жоголбой эле киши колдуу болгону билинди (Ш. Үмөталиев). Акынды менден жакын билген киши жок, дептери киши колдуу болуп кетиптир (Абдукаимов). Билип коюңуз, дептер киши колдуу болгон жок, биз да бирдемени түшүнөбүз (Абдукаимов). В.: Душман колдуу болуу. Жөнөкөй кишилер эмес, кадимки даңазалуу баатырлар да капилет басканда душман колдуу болушкан (Абдукаимов). Ал душман колдуу болуп, майып кылынышы айдан ачык («Ала-Тоо»).