1. проезжий, прохожий; путник; пассажир;
жүргүнчүнүн жолу проезжая дорога, большая дорога;
кедей, байы тыйылбас жүргүнчүнүн жолу эле фольк. это была большая дорога, на которой не прекращалось движение бедняков и богачей;
2. ист. торговец, ведущий разъездную (караванную) торговлю.
зат. Жолоочу, жол жүрүп бараткан адам. Жүргүнчүлөр.. жай-жайына олтурушту (Жантөшев). [Машинанын].. үстү толгон жүргүнчү (Баялинов).
ЖҮРГҮНЧҮ – жолоочулук документтери бар жана учак, кеме, поезд же автоунаа каражаттары менен сапар чеккен жаран (жеке жак).
Жол жүрүп бараткан адам, жолоочу. Шөлпүлдөтүп желдиртип салт аттуу жүргүнчүлөр көрүнгөн (Сыдыкбеков). Жыйырма төрт кишилик автобуска жүргүнчүлөр жык толду (Бейшеналиев).
ЖҮРГҮНЧҮЛӨР БАРАКЧАСЫ – учак же кеме жүргүнчүлөрүнүн тизмеси жазылган баракча. Анда алардын аты-жөнү менен дагы башка маалыматтар камтылат, өлкө бекетинен чыгып жатканда же четөлкө бекетине келип жеткенде, эмиграциялык бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт.
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮ ТАШЫП ЖЕТКИРҮҮ КЕЛИШИМИ – ташуучу жүргүнчүнү тийштүү жерине жеткирүүгө, а жүргүнчү жанжүк тапшырган кырдаалда аны да жерине жеткирип, жанжүктү алууга ыйгарым укуктуу адамга тапшырууга милдеттенген келишим; жүргүнчү өзүн жана жанжүгүн жеткиргендиги үчүн белгилүү акыны төлөөгө милдеттенет. Ж. т. ж. к. билет, ал эми жүргүнчүнүн жанжүк тапшырганы – жанжүк дүмүрчөгү менен күбөлөнөт. Билет жана дүмүрчөк тариздери унаа уставдарында жана кодекстеринде белгиленген тартипте аныкталат.