Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕР – сотто каралуучу жарандык иштин же арбитраждык сотто карала турган экономикалык талаш-тартыштын бир тарабы. Ж. көрсөтүлгөн доо талабына байланыштуу сот ишине тартылат. Жеке жак да, юридикалык жак да Ж. болушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕР САКТООНУН МЕТАЛЛДЫК ЭСЕПТЕРИ – кардарлардын баалуу металлдарды эсепке алууга арналган, алардын жеке белгилерин (аталышын, баалуулуктардын санын, сынамыгын, өндүрүүчүсүн, сериялык номерин ж. б. ) сактоо менен банкта кармоого берилген эсептери. Эреже катары, бул эсептерди кардарлар баалуу металлдарды банктарда сактоо үчүн пайдаланышат жана алар банкка белгилүү акы төлөп турушат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕР САКТООЧУ – менчик түрүнө карабастан, Мамлекеттик материалдык корлор фонду тарабынан белгиленип, КР Өкмөтүнүн чечиминин негизинде белгилене турган мамлекеттик материалдык корлордун материалдык баалуулуктарын сактоону ишке ашыруучу чарбачылык уюму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЧЕКТЕЛГЕН КООМ – уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтерде аныкталгандай өлчөмдөрдө үлүштөргө бөлүнгөн, коомдун 1 же бирнече жактары тарабынан уюштурулган мекеме; жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана коомдун ишмердигине байланыштуу алар тарабынан кошулган салымдардын чегинде чыгым тартуу тобокелчилигин тартышат. Коомдун үлүштөрүн толук кошпогон катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча ар катышуучунун төлөнбөгөн салымдарынын бааларынын чегинде тилектеш жоопкерчилик тартышат. Ж. ч. к-дун аталышы коомдун аталышын, ошондой эле «жоопкерчилиги чектелген» деген сөздөрдү өзүнө камтуусу тийиш. Ж. ч. к-дун укук жобосу менен анын катышуучуларынын укуктары менен милдеттенмелери жарандык мыйзамдар мыйзам аркылуу аныкталат. Юридикалык жактын укуктук-уюштуруу тариздеринин бири.