Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өз атаңдан тартып жети эсебине чейинки (жетинчисин кошо алганда) аталардын ысмынын тизмеси – эсеби. к. Ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете. Жети атаңдын кимдер экенин аты-жөнү менен жаңылбай айтып берсең, алкыш менен ак батанын ээси болдум дей бер (Аман Көчөрбай уулу). 2. Түпкү теги, ата-бабасы. Жети атабыз башынан, Көргөн эмес мындайды (Токтогул). Менин жети атам тегирменчи болуп өткөн (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, - деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып, Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, – деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? - деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? – деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ КАШКА. 16-кылымга таандык Сейф ад-дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» деген кол жазмасындагы «Манас» эпосуна тиешелүү болгон материалдарда Манас баатырдын ата-теги жана анын жакын туугандары жөнүндө маалымат берилет. Анда Каркарадан Якуб, андан Манас менен Карнас туулат. Каркарага тууган Ак-Темир деген кыпчактын Дөөлөт-Йар, Худа-Йар, Берди-Йар, Али-Йар, Муса-Йар, Иса-Йар, Түлө-Йар деген жети уулу болот. Жетөө тең көк кашка ат минип жоого чогуу кирчү экен. Ошондуктан алар Ж. к. аталып калганы айтылат санжырада.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИ КЫЛЫМ (арабча иклим — бөлүк). Ислам дининин түшүнүгүндө бүтүндөй жер чөлкөмүндөгү кургактык жети кылымга (бөлүккө) бөлүнгөн. Мусулман дүйнөсүндөгү касиеттүү аталган ошол Ж> к. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1- иклим, Мекке жана Мадина чөлкөмдөрү.
2- иклим, Кудус жана Шам (Дамаска) вилаеттери.
3- иклим, Багдад менен Фейруз дубандары.
4- иклим, Кырым менен Урум (Византия аймактары).
5- иклим, Чин, Мачын жана Кытай калкы.
6- иклим, Көк ордо жана Едил журту.
7- иклим, Самаркан, Бухара, Хорезм чөлкөмдөрү.

Кыргыз тилинде, ошондой эле эпосто: 1) доор, заман. 2) аалам, жер жүзү. 3) бүткүл, бардык маанилеринде кеңири жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн өлөрүндө Баймырзага айткан керээзинде: «Жети кылым эл жыйып, Жердин жүзүн чаң кылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 11),— деп бүткүл жер жүзүндөгү элди ашка чакырбоосун тапшырат.
Т. Ташмаматов

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
-Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! - деп, Дөөш күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). - Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! – деп, Дөөт күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). – Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненинмиң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров). Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненин миң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров). Жерге кирип жети өмүр, Уялгандан өлбөдү («Мендирман»). В.: Жети өмүрү жерге кирүү. Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов). Жети омурткасы жерге кирүү. Аны уккан сайын жети омурткам жерге кирип, ушу күндү көргүчө өлгөнүм жакшы деп кетчүмүн(Абдукаимов). Жети өмүрү жерге житүү. Чоң кишилер айтканда жети өмүрүбүз жерге житип, салбырап калчубуз (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада журүппү? (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада жүрүппү? (Саатов). Жети түндө Суусамырда эмне бар (Байтемиров).