Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бул күн, сутканын ошол күнкү өтүп жаткан мезгили. Бүгүндөн калсаң, кеч болот (Байтемиров). Бүгүн аба ачык болгону менен, карандай суук катуу болуп турду (Убукеев). || Учурдагы мезгил, өз учуруна тиешелүү болгон бир аз убакыт, ошол учурда өтүп жаткан мезгил аралыгы. Турмушта уяң өскөн Бүбүялар Майданда бүгүн көпкө берип сабак (Турусбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз бу+күн деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. «Байыркы түрк сөздүгүндө» бүкүн жана бүгүн варианттары чагылдырылган. Ушуга караганда бу жана күн деген сөздөр биригип, бүгүн түрүнө келгени ошол байыркы кезде эле ишке ашкан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
сегодняшний;
бүгүнкүнүн эртеңи бар погов. сегодня поедим, так завтра поглядим (букв. у сегодня есть завтра; может быть употреблено и в обратном смысле: сегодня плохо, завтра будет хорошо);
бүгүнкүдөң эртеңи кызык болуп келатат (всё) идёт так, что завтрашнее (будет) интереснее сегодняшнего;
күнү бүгүнкүдөй ну, точно как сегодня;
элеси күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартылат он (букв. его образ) стоит перед глазами как живой; он (букв. его образ) представляется так, как будто сегодня его видел;
көпүрөнүн өзү күнү бүгүнкүдөй болуп турат мост выглядит (букв. стоит) так, будто он сегодня сооружён.